www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Минск шаарында президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого атаандаш болуп жаткан Виктор Бабариконун уулу камакка алынды. Эдуард Бабарико тергөө абагына камалып, ата-балага козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы айтылган жок. Алтургай алардын адвокаты дагы атайын маалымат таратпоо тууралуу кагазага кол коюп бергенин жүйө келтирип, эч нерсе айтпай койду.
9-августка белгиленген президенттик шайлоодо Лукашенкого башкы атаандан болуп чыккан Виктор Бабарико 18-июнда кармалган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Беларус бийлиги аны «мыйзамга каршы ишмердикти башкарган» деп айыптаган. Бирок иштин чоо-жайы айтылган эмес. Ага чейин бир апта мурун Бабарико мурда жетектеген Белгазпромбанктын мурунку жана учурдагысы болуп 15 кызматкери кармалган. Лукашенко Беларуста «Майданды токтотуп калышканын» жарыялаган.
Бабарико кармалгандан кийин Беларустун бир катар шаарларында миңдеген киши нааразылык акциясына чыккан. Ишембиде 270 киши кармалганы белгилүү болду.
Беларуста президенттик шайлоо 9-августка белгиленген. Лукашенко бул өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып, алтынчы ирет шайлоого аттанып жатат.
Булак: NazarNews.kg