www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үзөңгү – Куушту Кытай эли энчилеп аларда, эки палаталуу парламент болгон. Мыйзам чыгаруучу палата экиге бөлүнүп, Кытайга Үзөңгү – Куушту бербейбиз деген жаатынын көч башында Апсамат Масалиев, Азимбек Бекназаров, Эркинбек Булекбаев, Адахан Мадумаров сыяктуу депутаттар үстөмдүк кылып турган. Ал эми Эл өкүлдөр палатасы Акаев эмне десе бардыгына макул болуп чөгөлөп турганда, ушул палатанын депутаты Болот Шерниязов Үзөңгү – Куушту Кытайга берүүгө каршы болуп президент Акаевди жана анын жан –жөөкөрлөрүн солкулдатып жиберген. Болот Шерниязов менен сүйлөшүүгө Акаев атайын жиберген адамдар ортого түшүп, бирок бийликтин мындай аракетине ал көнгөн эмес. Үзөңгү – Куушту Кытайга берүүгө каршы болгону үчүн ал бийликтин “кара тизмесине” түшүп, 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо ага каршы Акаевдик бийликтин бардык машинасы иштеп, ошол мезгилдеги Жогорку Кеңештин төрагасы Алтай Бөрүбаев баш болгон талапкерлер ага каршы чыгышып, мажоритардык шайлоодо жеңилип калышат. Болот Шерниязов үчүнчү парламентте вице-спикер болгон, бирок өзүнүн арызы менен бул кызматтан кетип, жалындуу сөздөрү менен митингдин көркүнө айланат. 2009-жылдагы 23-июлда президенттик шайлоо учурунда Атамбаевдин талапкердигин дал шайлоо күнү алып салганы Болот Шерниязовго катуу таасир этет. Анткени, шайлоо алдында Таласты кыдырганда элди Болот Шерниязов уюштурат, Атамбаев менен кошо Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаровдор келишет, Атамбаев эл менен жолугушууларда “Таластыктар Манастын күмбөзүн каздырып жатасыңар, андан көрө жоолук салынып алгыла” –дей берет. Ушул сөзгө катуу күйгөн Болот Шерниязов Атамбаев шайлоодон талапкердигин алып салганда ачуусу менен таластыктар берип жиберген жоолукту “салынып ал” – деп Атамбаевге таштап баса берген.
2009-жылы күзүндө аны Европага социалисттик партиялардын жыйынына чакырышат. Ошол жыйындан келген соң, Болот Шерниязов жүрөгүнөн инсульт алат. 2010-жылы 6-апрелде ооруп турганына карабай аны Таласка жиберишет. Таластан аны Бишкекке алып келишет. 7-апрель күнү бийлик алмашып, Болот Шерниязов Ички иштер министри болуп Убактылуу Өкмөттүн курамына кирет. Ал башкалар генералга жетпей жүрсө, генерал-лейтенанттык наамын өткөрүп койгон биринчи кыргыз. Жаткан жери жайлуу болсун!!
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg