www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үч ай баш бакандын орун басары болуп иштеген Толкунбек Абдыгулов акырында келип өзүнүн кабелтең акырын жыттап жатып калды. Негизи айрым адамдарга бир кызмат бир нече ирет ыйгарылып кетерин бул турмушта көрүп эле келатабыз. Ал тургай ажолуктан такыр түшпөй келе жаткан инсандар деле жолугат.
Ошентсе да Кыргызстанда маданият министрлигине көп учурда Султан аттуулар келгенине кандай жоорусак болот? Кезинде Раев Султандын ыргыткан ташы улам ушул министрликтин башына тийип такка жумшак отуруп калганы бар. Бири жакшы иштеди десе, көралбагандар жеп, ичип эле жыргализмде болду деп кеп ташташты.
Жаңыдан эле министр болгон Султан Жумагуловдун реформалары күч алды деп айгай салгандар деле жок эмес. Той-тамашанын шарданы менен толкуган бул тармактын көйгөйлөрү толтура. Композиторлор, обончулар, киши күлдүргүчтөр, айтор чыгармачылмын деген кишилердин күйүтү арбыган кез.
Ошол кемчиликтерди кантип жайгарарын тигиле тиктеп баары көздөрүн Жумагуловго кадашкан убагы. Эмнеси болсо да ээрибеген музду жок дегенде бираз жибитүүгө жараса кана атаганат!
Булак: "Ачык сөз"