www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайырбек тазаланыптыр

Саясаттагы бирден-бир каарман катары көптөн бери коомчулукка таанымал болгон Тайырбек Сарпашовдун артынан ар кандай кептер айтылып жүргөнү бекерден эместир? Эгерде ал жай турмуштагы бирөө болсо сөз ага илешмек эмес. Топ жарганды билгени үчүн, саясаттын ташын копшогонго жараганынан улам атаандаштары чабуул коюуга муктаж болуп жатпайбы.

Айрыкча оппозиция терисин жамынган “Республикачылар” былтыр шайлоонун алдында тынбай безилдей беришип мамлекеттик каттоо кызматынан четтетүүгө жетишкен. Бирок, анын кадыры бар экен шайлоо маалында борбордогу штабда кызматын көрсөттү. Ал тургай ал колдоого алган талапкер биринчи эле турда атаандаштарын чаңында калтырды. Бул албетте, көзгө көрүнгөн бараандуу жеңиш.

Жыл башында кызыккандардын суроосуна моокум кангыдай кыла Т. Сарпашов жообун берди. Көрсө ага карата козголгон кылмыш иштерине акыры чекит коюлуптур. Кылдай күнөө табалбаган күч түзүмдөрү актоого аргасыз болушуптур. Эми буга да тескериленгендер чыгары белгилүү. Антсе да туурасын айта кетели? Эгерде бир илинчеги болгондо Такени жөн калтырышмак эмес, энчисин беришмек.

Себеби, жаңы шайланып ишин баштаган президентибиз көз будамайлоону жек көрөт. Керек болсо күнөөсү бар иш жасаса аталашын да алка-жакадан алдырууга чечкиндүү турат. Ушундан улам Тайырбек мырзага ылайыктуу кызмат берүү кезеги келгендей. Ал өтө жооптуу кызматтардын ажаатын ачып келген. Элүүгө жашы келип, акылы ашып турган жөндөмдүү адамдын тажрыйбасын, демилгесин мамлекет колдонсо үзүрдүү болмок.

Булак: "Ачык сөз"

 

Последние новости