www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардын башында Аскар Акаев ар кыл программалар менен кыргыз жаштарын чет өлкөдө окутуу боюнча  ар кыл программаларды кабыл алган. Эгер ошондогу сөздөргө ишенсек, чет өлкөлөрдөн кыргыз жаштары окуп келсе алар өлкөнү өргө сүйрөп, кыска мөөнөттө Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошушмак. Байоо кыргыз эли  Швейцария сыяктуу буга да ишенген.

Андан бери миңдеген жаштар чет өлкөдөн окуду. Мезгил 30 жылга чукулдап калса да ошол чет өлкөдөн окуп келген жаштардын бири да Кыргызстанга келип сыйкырчылык көрсөтө албады. Көрсө, биздеги билим тармагы чү деген эле жерден коррупцияга белчесинен батып, паракорлуктун сормо сазына батып калган экен.

Жакында ЖК депутаты Жанар Акаев Венгрияда окуу үчүн гранттык орундарга эч бир эреже, жоболор сакталбай жең ичинен чиновниктердин балдары ж.б. жөнөтүлүп жатканын билдирди. Анын айтуусу боюнча Кыргызстанда дайыма чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларына бөлүнгөн гранттык орундар сатылып келген. Кызы Венгрияга окууга өткөн Мурадыл Мадеминов менен башкалардын сөзү эки ача чыгып жатса, ал депутат «менин кызым онлайн шартында венгер мугалимдерине экзамен берип окууга өттү» деп жатат. 

Өтсө өткөндүр, бирок ошол чоңдордун «отличник» балдарын телеканалдар аркылуу эл алдына алып чыгып, билим деңгээлин текшерсек баары айкын ачык болмок. Болбосо аткаминерлер менин балам «отличник» болчу деп кутулуп жатышат.  

Булак: "Жаңы ОРДО"

 

 

Последние новости