www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу пикирин тайманбас журналистердин алдыңкы сабында турган Семетей Талас уулу жазып чыкты.

“Эээ Дайыр Миллион, бүгүн сен Шаки-Паки, Аскар-Маскар, Бабанчик-Раимчик, Жапаров, Шадиев, Артыкбаев, Пирматов, Чыныке, Наке (Түлеев), Ормонов, Жээнбековдор династиясы, Салымбековдор империясы, Матраимовдор мафиясы, Турсунтай-Пурсунтай сыяктуу солто уруусунун өкулдөрү, айтор бир сөз менен айтканда биздин сараң миллионерлерге бир үлгү болдуң. Пейилиң да, душаң да Миллионер экен! Азамат, Алла ыраазы болсун!”, - деп пикирин билдирген Семетей Талас уулу.

Эске сала кетсек, белгилүү журналист Дайырбек Орунбеков 6 жаштагы эң жаш ишкер Эрмекке уюштурган флешмобдун жыйынтыгында накталай 130 000 сом акча чогулуп жана Эрмек бир бөлмөлүү батирдин ээси болду. Мындай иш-чараны демилгечиси Дайырбек Орунбеков түшкөн акчаны элдин көзүнчө санап, Эрмектин тайэнесине өткөрүп берди. Өткөрүлгөн флешмоб өз максатына жетти.

“Мен Эрмекти мындан ары өз баламдай карап, окутуп, өз карамагыма аламын. Мына ушул 130 миң сомду Эрмекти тайэнесине тапшырдык. Баарынан да Эрмекке Арафат аттуу ишкерден бир бөлмөлүү батир берилди”, - деди Дайырбек Орунбеков.

Бүгүнкү иш-чараны уюштурган Эрмектин тайэнеси, Дайырбек Орунбековго батасын берип, терең ыраазычылын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости