www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Шариман Шарипович» деп мурдагы бийликтен түңүлүп калган Орусия президенти В.Путин бүгүнкү бийликтин жайбаракат жүрө бергенин жактырган жок. Өзүнүн жакын досу, экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкүлөрдөй былжырап жүрө берсе, кадимкидей урушуп, чаап ийбесе да аябай тилдеп, улуу агасы катары жакшылап ийлеп коймок. В Киргизии создаётся образ кипучей деятельности, а конкретных сдвигов не видать как своих ушей, почему у тебя так хреново получается, и до каких пор будешь разгильдяйствовать?» деп катуу жемелемек.
Бул жолкусунда Тажикстан Кыргызстанга согуш ачып, Орусия менен бир туугандык жана достук мамиледе болгон эки өлкө ич apa кырылышып жатышса, В.Путин ичинен түтөп, оор абалда калганын туура түшүнүш керек. Кыргыз тарап менен тажик тараптын таянар тоосу жалгыз Орусия болсо, жүз жылдан бери келе жаткан мамилени бузуп алуу эч кимге пайда алып келбейт. Ансыз да СССР таркап кеткени чачырап кеткен үй-бүлөдөй болуп бирөөсү да жакшылык көргөн жок, баарына кыйын болду. Ар кимиси өз киндигин өзү кесип, эптеп-септеп бутуна туруп келе жатканда жетимге көк жөтөлдүн кереги барбы? Албетте жок.
Жетөөнүн ичинен бирөө сасыткы болуп чыккандай, тажик тараптын тежиктиги көп байкалды. Качан да болсо ызы-чуу жаратып, ал тургай ич ара согушуп, ич ара тил табыша албаган тынчы жок немелер экен. «Тынчы жок немелер экен» деп биз өзүбүздү да айтсак болот. Бизде да үч жолу элдик революция баштан өтүп, кандуу окуялар болуп, бир нече президенттер алмашылды.
Анткени, АКШ баш болгон капиталисттер орноткон коррупциялык жана мафиялык системага баш ийкеп, жайбаракат жүрө берүү мүмкүн эмес экен. Бул багыт мамлекетке жана элге каршы түзүлгөн система экени 30 жылдан бери далилденип бүттү. Капиталисттердин түзгөн системасы боюнча талап-тоноп, уурдап, калп айтып, бирин-бири алдап, бийлик, байлык, акчага кутунуп, элди чачыратып, мамлекетти жок кылууга алып келдик. Бирок, мунун баарын түшүнгөнгө мээ жетпей жатат. Баарын түшүнүш үчүн марксизм-ленинизмден баштап илимий коммунизмди, саясый экономиканы, Манас, Семетей, Сейтектен баштап, саясат-геосаясатты так билген түшүнүктүү адам болушу керек. Андай адам барбы Кыргызстанда?
Президент Садыр Жапаровдун келиши менен жаңы Конституция кабыл алынып, президенттик башкарууга өттүк. Бирок, Кыргызстанды талкалап келе жаткан капиталисттердин мыйзамдары, маселен, приватизация мыйзамы, көп партиялуу система жана башкалары толугу менен кала берди. Эл ишенген президент «чимкирик парламентке ишенип, мамлекетти башкаруу рычагдары чимкирик парламенттин колунда болуп калды. Кыргызстанды президент эмес мафия башкарып, президенттин адамдарын акырындык менен кетирип бүтүштү. Эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге бут тоскондор жөжөнү күзүндө санайт болушуп, жалгыз калган президентти күзүндө алып түшүшөбү? Анткени, президенттин ордуна жутунган жеке менчик партияларды жоюп таштаганга кыргыздардын мээлери жетпесе эмне кылабыз?
«Чимкирик» парламентте отурган коррупция менен мафия капиталисттер түзүп берген коррупциялык Конституцияны беттерине кармашып, долу катындай болуп кетпей отуруп алышкан. Мындай шылуундарды реформатор Михаил Саакашвилин болгондо бирин калтырбай айдап чыкмак. Ал эми миңдеген «Гүленчилерди» түрмөгө камаган Түркия президенти Р.Т.Эрдоган болгондо 120 депутат парламентте эмес, түрмөдө отурушмак. Кыргызстанда болсо 2010-жылдан берки кыргыз элинин «Таркасын! Кетсин!» деген талаптарын угуп койгон бирөө-жарымы болдубу? Эл колдоп, эл шайлаган президент Садыр Жапаров элдик адам катары эң жөнөкөй, кичи пейил, анын үстүнө айкөл адам экен, кууланган мафия кадимкидей башкарып алышпадыбы. Өздөрү жактырган У.Мариповду премьер-министр көрсөтүшүп, анысы болco «Төрт-Гүл» суу сактагычын айтып «көзүн сүзүп турса, тажик тараптын «бука секириги» башталды го?..
«Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт» болуп, «чимкирик» парламент менен «былжырак» өкмөттүн сойку саясаты согушка алып келди. «Берем» деп туруп бербей койсо бука эмес Э.Рахмондун да жини келсе керек. «Берем-бербейм» деп соодалашкан сойку саясаттын соңунда согуш чыгып, күнөөнүн баары К.Ташиевге, С.Жапаровго, В.Путинге үйүлүүдө. Президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев парламенттеги чимкириктерге чара көргөндө, бүгүнкү согуш келип чыкмак эмес. Ушулардын айынан үчүнчү элдик революция болгон. Мындай шылуундар жазага тартылышы керек болчу.
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин «айкөлдүгүн» өздөрүнө каршы пайдаланган шылуундар иштин баарын тууралап отурушуп, согуштун чыгышына алып келишти. «Өздөн чыккан жат жаман» дейт кыргызда. Ички душмандар тышкы душмандарга көз кысып турушса, кыргыз мамлекетинин стратегиялык коопсуздугун камсыздаган УКМК укпаса, президентибиз айкөл болсо, башка түшкөндү көрөбүз да. Арманыбызды ар кимге айтып, араб өлкөлөрүнөн жардам алып, түрк дүйнөсүнө ыктасак, ого бетер адашкан болобуз.
Ошондуктан, экс-президент Алмазбек Атамбаевди түрмөдөн чыгарып, анын айланасындагы татыктуу саясатчыларды алып (А.Турдукулов, Т.Султанбеков, И.Карамушкина), бийлик тараптан президент С.Жапаров, К.Ташиев, А.Новиков болушуп, ал жактан Б.И.Силаевди кошуп алышып, Орусия президенти В.Путин менен тууганча сүйлөшүп келиши керек. Баары биригип илгерки чүкөдөй аял Курманжан Даткача болбой калыштыбы? Курманжан апабыз өгүз минип, ат минип, Ысык-Көлдүн форель балыгын чаначына сала барса, бүгүнкүлөр самолёт менен учуп барып келгенге жарабайбы?
Убагында айтканды укпаган А.Акаев айдалып чыкты эле, былтыртан бери айтылгандарды укпаган Соке да айдалып кетти. Эмки кезек Садыр Жапаровго жетип, айтканды угабы? Бир адам жаңылса, анын артынан 6,5 миллион кыргыз эли жабыркап, кыргыз мамлекети коркунучтуу абалга туш болду. Ошондуктан, Кыргызстан стратегиялык өнөктөшү болгон Орусия менен бирге болушу керек!
Булак: Азия News гезити