www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан ары Таиландда COVID-19га каршы эмдөөдөн баш тарткандарга кылмыш иши козголот. Бул тууралуу буйрукка губернатор кол койду.

Бурирамдын губернатору Татчакон Хаттхатхаякун кол койгон документте, провинциянын 18 жаштан жогору жашоочуларга коронавирус инфекциясын жугузуп алуу коркунучун баалоо боюнча сурамжылоону бүтүрүү тапшырмасын берген. Толтурулган анкета 31-майга чейин медициналык кызматкерлерге тапшырылышы керек.

"Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, медицина кызматкерлери коронавирус инфекциясын жуктуруп алуу коркунучу бар деп эсептеген адамдарды COVID-19ка каршы эмдөөдөн өткөрүүгө укуктуу. Ошондой эле жашоочулар Саламаттыкты сактоо адистери белгилеген убакытта эмдөө пунктарына келип вакцина алуусу шарт" - деп айтылган губернатордун токтомунда.

Сурамжылоого катышуудан баш тарткандарга 10000 тай бат (23000 сомго жакын) айыппул салынат же бир айга чейин камакка алынат. Ал эми медицина кызматкерлери дайындаган эмдөөдөн баш тарткандар 20000 тай бат (болжол менен 46000 сом) айыппул төлөшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости