www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошентип жатаканага келдик. Акчамды төлөп, майда-чүйдөгө деп 300 доллар таштап кетти. Кечинде чалып акыбалымды сурады, рахматымды айттым. Болгон окуя такыр эсимден кетпей койду. Бир туруп сүйүнсөм, кайра ыйлагым келет. Ошентип уктап калдым.

Эртеси өзүм телефон чалдым, "Аби, жардамыңыз үчүн сиздин мал союучу жайыңызга бекер иштеп берейин" десем макул болду. Түштө келип алып кетти. Барсам Сириядан качып келген үй-бүлө 3 баласы менен иштеп жатыптыр. Мен дагы аларга кошулдум. Бардык жерин жыйнап, кечкиге тамак жасадым. "Аябай таза элпек кыз экенсиң" дешти. Үй-бүлөдөй болуп калдык. Күлүп-жайнап жумушубузду бүтүрөбүз, кечинде бирге тамактанабыз.

Бир күнү цехке келишимдүү жигит кирип келди. Түштөнүүгө дасторкон даярдап жатканбыз. Аби "бул менин уулум, аты Енес" деп тааныштырды. Экөөбүз тил табышып кеттик. 

Бир жолу куймак бышырганга жумуртка калбай калыптыр. Сатып келейин десем  шаарды жакшы билбейм, айла жок Енеске айттым. Барбайм дегенине карабай жибердим. Күтө берип тажап кеттим. Эшикте тооккана бар болчу. Кирип барып жаткан тооктордун алдынан издей баштадым. Акыры бир тоокту катуу кармап жиберсем жумуртка чыгып кетти. "Оо кудай" деген үндөн артымды карасам Енес досу менен таң калып турушат. Аңгыча атасы келип калды. Болгон окуяны айтып берди, эки саат күлдүк.

Айнооруз токтосоң, тиги кыргыз эже эмне болду?

Ааа, аны унутуп калыпмын. Чалып жатты. Блоктоп салгам. Ошол күндөн бери көрө элекмин. 

Азыркы дүкөн тиги кишиникиби?

Ооба, ал жерде администратормун. Жаман ойлобоңуз, баарына ак эмгегим менен жеттим. Мал союучу жайында иштедим, кийин дүкөнүнө башчы кылды.

Мен сизди сатуучу экен дегем (күлүп).

Мен жумуш ылгабайм. Кээде өзүм сатып, полун деле жууп жиберем. Кайда жүрбөйлү аткарган ишибизди майын чыгара жасап, элдерге жакшы мамиле кылсак баары жакшы болот экен.

Жакында Енеске турмушка чыгам. Аби Енес менен ата-энемдин алдына барып колумду сурашты. Мен бактылуумун!

Окуянын толук төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар:

http://www.nazarnews.kg/news/27596

Булак: "bilesinbi.kg"

Последние новости