www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад ОИИБнин Криминалдык милиция кызматы бир учурда баңги затына байланыштуу 2 факты аныкташып жалпы жарым килограммдан ашуун баңги заты алынды. Бул тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.  

Алгач, 18-ноябрь күнү түнкү саат 23:00 чамасында, Жалал-Абад шаарындагы “Бай Эл” базарынын жанынан Сузак районунун Ырыс айылынын тургуну 22 жаштагы Х уулу Харунду текшерген учурда жанынан “Гашиш” баңги заты табылган. Ыкчам иликтөө иштери улантылып, эртеси 19-ноябрь күнү дагы бир атайылап карасанатайлык менен коомго терс көрүнүштөгү кылмыш жасоо жолуна түшкөн дагы бир экинчи атуулду аныкташты.

Тактап айтканда жогорудагы маалыматтардын негизинде ыкчам тергөө тобу Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Жар-Кыштак айылындагы үйлөрдүн бирине барган кезде үй ээси 26 жаштагы Лутфилло кагазга оролгон “Гашиш” баңги затын милиция кызматкерлерине тапшырган. Кароо жүргүзгөн убакта колдонуп жүргөн уюлдук телефонунан баңги заттарына байланышкан фото материалдар табылды. Кошумча анын үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, үйүнүн ичинен “Гашиш” жана “Марихуана” баңги затттары калыстардын катышуусунда табылып соттук-химиялык экспертизага берилип, жалпы 0,5 кгдан ашуун баңги заты экендиги аныкталды.

Жогорудагы 2 факты боюнча Жалал-Абад ОИИБнин Тергөө кызматы тарабынан КЖКнын 246-беренесинин 3-бөлүгү (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иштери козголуп тергөө амалдары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости