www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Воронежск облусунун прокуратурасы сот аркылуу Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары подполковник Игорь Качкиндин туугандарынан 15 батирди конфискациялоону талап кылып жатат. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка  караганда, текшерүү учурунда офицердин ата-энесинин кирешесине таянып алар өздөрү 3 эле батир сатып ала алышмак деген бүтүм чыгарышкан. Калган мүлкт кайсы каражатка сатып алынган деген суроого МАИ кызматкери түшүндүрүп бере алган эмес.

Облустук прокуратуранын маалыматы боюнча, сөз жалпы 50 млн рубль турган 22 объект тууралуу болуп жатат. Батирлердин ээлери офицердин ата-энеси-Николай жана Нина Качкиндер болуп чыккан. Ошондой эле, кыймылсыз мүлктү сатып алууда келишимдин бир бөлүгүнө Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары өзү кол койгону белгилүү болду.

Көзөмөлдөө агенттиги билдиргендей, Качкин өзүнүн тапкан каражаты менен сатып алганы тууралуу далилдерди көрсөтө алган эмес.

Офицердин айлык маянасы канча болгону маалымдалган жок. Ал башчынын орун басары болуп үч жыл  мурун эле дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости