www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-февраль күнү Инстаграмда түз эфир аркылуу элди түндүк-түштүккө бөлгөн Элмир Сыдымановду (Sydyman) Октябрь РИИБинин кызматкерлери кармап кетти. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, аны Кылмыш жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде милицияга чакыртышкан.

Эске сала кетсек,  Элмир Сыдыманов Инстаграмдагы баракчасынан түз эфирге чыгып, анда Ош облусунун тургундарын ашата сөгүп, пас сөздөрдү айтып, аларды жаман көрөрүн билдирген.

Бул видео тасма социалдык тармактарда желдей тарап, коомчулук аны катуу сынга алган. 

Түз эфирдеги видео интернетке тарап кеткенден кийин, 4-февраль күнү Сыдыман кайрадан түз фирге чыгып, эмне үчүн пас сөздөрдү айтып, жамандаганын түшүндүргөн. Муну менен катар видео тасма коомчулукка тез тарап кетерин, ырчылар, тамашоучулар, спортчулар, элдер ага кайрылуу жасап, насаат айтарын билбегенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости