www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-февралда Ат-Башы районунда логистикалык борбордун курулушун кытайлык компаниялар жүргүзүшүнө каршы митинг башталды. Бул тууралуу маалыматты жеринен кабарчыбыз билдирди.

Аталган жыйынга келгендер “Ат-Башыдагы логистикалык борбор курулганга каршы жана ушул тапка чейин Өкмөт жергиликтүү тургундарга эч кандай расмий документ көрсөтө алган жок. Логистикалык борборго берилген 200 гектар жер айыл өкмөттүн балансына кайтарылып берилиши керек. Биз логистикалык борбордун курулушуна каршыбыз”,-деп, жергиликтүү тургундар президентке кайрылды.

Тилекке каршы митингге катышкандар райондун акими Жакыпбек Субакожоевдин сөзүн уккан жок. Митингдин катышуучулары бири-бирин укпай кыйкырык, ышкырык менен ызы-чуу салышууда.

Учурда NazarNews маалымат агенттиги түз эфир көрсөтүп жатат. Төмөнкү шилтемени басыңыз:https://www.facebook.com/NazarNewskg-415132175241241/

Булак: NazarNews.kg

Последние новости