www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нэнси Пелоси – Дональд Трамп менен  вице-президент Майк Пенсадан кийинки АКШдагы үчүнчү адам, бирок аны Вашингтондогу эң таасирдүү саясатчы деп аташат.

79 жаштагы Пелоси АКШнын тарыхындагы Конгресстин өкүлдөр палатасында спикерлик кызматта иштеген алгачкы айым.  Ал президентке импичмент жарыялап Вашингтондун салтын бузду.

4-февралда президент Дональд Трамп АКШ Конгрессинде “Мамлекеттин абалы тууралуу” жылдык отчетунун көчүрмөсүн спикер Пелосиге берген. Ошол учурда Пелоси мамлекет башчыга учурашуу үчүн кол сунса, президент ага жооп кайтарбастан, көрбөгөнгө салып трибунага басып кеткен. Трамптын мындай кадамына Пелосинин Трампка каршы импичменти себеп болгондугу айтылууда.

Трамптын учурашпай басып кеткенине Ненси Пелоси жооп берип, эки саат бою Трамптын кайрылуусун угуп жатканда эриндерин тиштеп, кагаздарды кармалап, президенттин сөзүнө жооп иретинде сарказм менен жылмайып отурган. Трамп өз сөзүн аяктагандан кийин Пелоси телекамераларга карап, президент берген кагазды жыртып салган.

Эртеси күнү Трамп палатанын өкүлдөрүнүн көпчүлүк добушу менен акталды. Пелосинин кагаздарды айрып салгандыгын Трамп “кылмыш” деп атаса, ал эми Трамптын акталышын Пелоси “мыйзамды сыйлабастыкты легализациялоо” деди. Пелоси “кантсе да Трамп АКШ тарыхындагы импичмент жарыяланган президент катары кала берет” деп, принцибинен кайткан эмес.

ненси пелоси трамп сурамы боюнча табылган сүрөттөр

Түбү италиялык Пелосинин атасы Томас Д'Алесандро да саясатчы болгон.  Балалыгы тууралуу Пелоси "мен мектепке барганда атам штаттын мэри эле, мен университетке барганга чейин аталган кызматтан кеткен эмес” деп эскерет.

Ненси Пелоси 5 баланын, 9 неберенин энеси. Балдары кичинекей болгондуктан, үйдө отурган учурда да тынбай изденип, саясаттан алыстаган эмес.

ненси пелоси дети сурамы боюнча табылган сүрөттөр

Пелоси тең укуктуулук үчүн күрөшкөндөрдүн активдүүсү. Бир ирет ал Путин менен да ЛГБТлар  маселесинде кайчылаш пикир айтышкан. Путин дүйнөлүк саясаттагы окуяларга пикир билдирип жатып: “Бизди Кудай тең укуктуу кылып жаратканын унутпашыбыз керек”,-деген сөзүнө Пелоси: “Путин тең укуктуулук жөнүндө сүлөп жатканда Россиядагы гей жана лесбиянкаларды да кошуп айткан  деген үмүттөмүн”,-деп Твиттердеги баракчасына жазып чыккан.

Саркеч айым

Конгресстин өкүлдөр палатасынын төрайымы саркеч айым катары үлгү болгонго жетишкен. Ал дүйнөдөгү эң алдыңкы дизайнерлердин кымбат кийимдерин гана киет. Америкалык басылмалардын айтымында Ненси Пелоси менен жолдошу 2014-жылы 101 миллион долларга ээлеик кылаары жана Apple, Facebook жана Disney компанияларында акциялары, кыймылсыз мүлктөрү бар экендиги айтылган.

Дональд Трамп Твиттерде Пелосини “нерви жука”, “акмак” деп атаса, Пелоси аны “үчүнчү класстагы саясатчы” деп баалаган.

ненси пелоси дети сурамы боюнча табылган сүрөттөр

Пелоси Жорж Буш, Барак Обама жана Дональд Трамптын доорунда иштеп жатат. Ал дайыма Жорж Буштун кыймыл-аракетин сындап, дүйнөдө согуш чыгарбоону талап кылган. Буш менен мамилеси жакшы болбой, анын ишмердүүлүгүн тыкыр көзөмөлгө алуу керектигин да айтып келген. Ал эми Барак Обама менен байланышы жакшы болуп, экөөнүн пикири келишкен.

Трамп Украинага жана Иранга көрсөтүлгөн басымды, алардын ички иштерине кийлигишүүнү кескин сындап келет. Дональд Трамп менен мамилеси начардыгынын себебинин бири да ушул көз караш болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости