www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майк Мёррей дүйнөдөгү алдыңкы киберкоопсуздук боюнча адистердин бири. Ал өкмөт өкүлдөрү менен бизнесмендерге жеке маалыматын коргоо боюнча кеңеш берет. Мёррейдин айтымында жаңы иштелип чыгарылган программалар абдан кубаттуу болгондуктан, алар курал катары таанылган.

"Программаны башкарып жаткан адам GPS навигациялык системасы аркылуу смартфондун ээси каякта экенин так биле алат. Алар камера же микрофонду алыстан башкарып, эмне болуп жатканын жаздырып жана көрүп турушат. Ошондой эле программанын жардамы менен жеке маалыматтарды, мисалы, сүрөт, каттар, электрондук почтаңыздын жашыруун сөзүңүздү, кыскасы каалаганын уурдап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт",- дейт Мёррей.

Тыңчылык кылган жабдыктар көптөгөн жылдар мурун пайда болгон, бирок учурда алар жаңы деңгээлге чыкты. Тыңчылык кылган программа жөн гана телефон аркылуу таратылган маалыматты жаздырып калбастан, смартфондун өзүн башкарат. Ошондой эле тыңчылык кылган программанын орнотулганын аныктоо дагы абдан татаал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости