www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Молдокматовго дагы төрт кылмыш иши ачылды

Камактагы оппозициялык саясатчы, "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовго дагы төрт кылмыш ишине, алты берене менен шектүү экени тууралуу билдирме берилди. Бул туурасында “Туран” саясий партиясынын Facebook баракчасына жарыяланды.

Молдокматовго буга чейин 5-6-октябрь күндөрү "башаламандык уюштурган" деген айып менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Кийин ага 9-октябрдагы тополоң боюнча дагы бир кылмыш иши кошулган.

Бул иштер боюнча тергөө бүтүп, анын жыйынтыгында "Курал-жаракты тартып алуу же уурдоо", "Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо", "Бийлик адамына күч колдонуу же коркутуу" жана "Башаламандык уюштуруу" беренелери менен кылмыш ишине шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген.

Жеңиш Молдокматов жаңы ачылган кылмыш иштери тууралуу билдирмеге кол коюдан, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Молдокматовдун жактоочусу Кантемир Турдалиев тергөө октябрь окуясындагы бардык иштерди Жеңиш Молдокматовду күнөөлүү кылып чыгарганын билдирди.

"Мен өмүрүмдө мындай мыйзамсыздыкты көргөн эмесмин. Таң калып, оозум ачылып отурат. Тергөөнүн айтуусунда октябрь окуялары учурунда жоголгон курал-жарактан баштап бардык кылмышты Молдокматов кылыптыр", - деди Турдалиев.

Эске салсак, Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган саясатчыга 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлган. Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган Молдокматов ден соолугуна байланыштуу 19-августта №47 колонияга, кийин операция жасатуу үчүн менчик клиникага которулган.

Ал 5-августта 12 күндүк ачкачылыгын тарапташтарынын өтүнүчү менен токтоткон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости