www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер Руслан Сапарбаев кезмет учурунда токко урунуп, оор жаракат алды. Бул тууралуу анын жакын тууганы Гүлмира Кашкараева “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, окуя мындан бир нече күн мурда болгон. Жоокер Сапарбаев постто турган кезде электр тактайчасындагы зымдарга тийип алган. Жоокердин денесинин бир топ бөлүгү күйүп кеткен. Жабырлануучу алгач Жалал-Абадга, кийин Оштогу ооруканага жаткырылган. Бишкекке жеткирилгенден кийин №4 оорукананын дарыгерлери жоокердин бир колун кесип салууга мажбур болушкан.

Кашкараева ырастагандай, дарыгерлер жоокердин экинчи колун да кесип салганы жатышат. Ал инисин караганга күчтүү дарыгерлер тартылбай, бул иш терең иликтенбей жатканына даттанды. Аталган бейтапкананын дарыгерлеринен комментарий алууга азырынча мүмкүн боло элек.

Окуя боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы түшүндүрмө бере элек. Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева эс алуу күндөрү аяктаган соң - 22-августта маалымат берилерин билдирди.

Руслан Сапарбаев - Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну. Ал быйыл жазында аскерге кызмат кылууга кеткен, бирок кайсы бөлүмдө кызмат өтөгөнү айтыла элек. Баштапкы маалыматтарга ылайык, Майлуу-Суу шаарында №30295 аскер бөлүгү бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости