www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Негизи укук коргоочулар ууру бийликтин жана күч органдардын уурулугун ачыкка чыгарган үчүн жек көрүнүп бүттүк десек жаңылышпайбыз. Кудайым жаратып койгон жүрүш – турушубузду, кыялды өзгөртө албайт экенсиң, ошондуктан чындыкты билип туруп айтпай коё албайсың. Алдында бир коркунуч болуп турса дагы айтып алайын дейт экенсин. Жакында эле ажобуз Соронбай Шарипович коомчулукту чогултуп мамлекетти кантип кризистен алып чыгабыз деп кеңеш жүргүзгөндө, адамдын ичи жылый түшүп, үмүт пайда болду. Ажонун алдыга койгон ири максаттын, ишке ашыруу мезгил талабы эмеспи. Бирок ажонун улуу чакырыгына, күч органы жана прокуратура, соттор, карама каршы туруп, ачык эле мыйзамды тебелеп, коомдун кыжырына тийип, адамдын тагдырына балта чаап жатканы адамга дагы, Кудайга жакпаган иш эмеспи. Ажонун иш аракетин тоготпой койгону, өкмөттүн кызматын так аткарбай келүү менен өлкөнү наразычылыкка түртүп келишкен жана кайра эле наразычылыкты пайда кылып келет. Күч органы мыйзамдын чегинен чыкканы, “Беспредел” деп коюшат.

Мындай кадам Соронбай Шариповичке аброй алып келбейт. Эгерде мындан ары сот, өзгөчө прокуратура мыйзамды чегинен чыгып, жүзү каралык кылуу менен жүрө берсе, коомчулук саясый кадамга барып маселени чечүүгө аракет жасары бышык. Ажобуз ири реформага барышы зарыл, анткени мамлекеттин башкаруу системасы бузулган. Өзгөчө Атамбаевдин убагында коррупция кеүири кулачын жайып, кол ийрисине тартуу жол менен мамлекетти башкаруу системага айланткан эле. Ошонун кесепетинен Атамбаевдин чуу куйруктары мамлекеттин өзгөчө жоопкерчик жерлерге дайындалып ич арадан уурулук менен алек болуп келе жатат. Ири ууруларга албетте прокуратура, сот көмөк көргөзүп чогуу уурулук кылып мыйзамды көз боёмолоп келгенин ачыкка чыгып отурат. Бул уурулардан тез арада кутулбаса, мамлекетке бир далай зыян келтиришет. Соронбай Шарипович! Сөзүбүз кур болбос үчүн ири уурулукту прокуратура тарабынан жаап жашырып жүргөнү жөнүндө айта кетели. Чуулганду өлкөнүн ири байлардын бири Кадыржан Батыровдун мүлкү мыйзамсыз прокуратура тарабынан конфискация алынган эле.

Конфискация кылынган мүлктү К.Р. мамлекетин мүлктү башкаруу Фондусуна караштуу «Элдик» мамлекеттик ишкана ачылып Атамбаевдин бүйрүгү менен ага КСДПын мүчөсү Н. Сулаймановду деректорлукка шайлап койюшат. Н. Суламанов кызмат абалынан пайдаланып чекесинен ишенип берилген мүлктөрдү сата баштайт. Жалал-Абадагы Москва көчөсүндөгү 2017 - жылдын 14-авгусунда түзүлгөн келишимге ылайык «Газпром Кыргызстан» ЖЧКна убактылуу пайдалануга берилген 10440 чарчы метр тилкесин, курулуш материал 374200 сомдук. 100 даана бетон плитасын С.Суранбаев аттуу жаранга сатып, акчасын өзүнө ыйгарып алган. Мындан сырткары Курулушчу 27 көчөдөгү жайгашкан. 21.07.2017-жылы «Жалал-Абад «БААЛОО консалтинг малымат борбору» ЖЧКнын көз карандысыз баалоочусу тарабынан 529659 сомго бааланган бетон таркатуучу түйүндү 22.10.2017-ж. Т.Каримбаевге металлом катары 333000 сомго сатып жиберип, мамлекетке 194.200 сом зыян келтирген фактылар боюнча 04.05.2018 ж. Жалал- Абад областтык прокуратурасы тарабынан К.Р. КЖКнын 171л:т.4-б,2-п.,304-ст.2-б. белгилери менен .N472-18-34 кылмыш иши козголуп, учурда КР МУККнын Жалал-Абад областык тергөө амалдары жүрүп жатат деп белгиленет. Бирок тергөө алты айдан бери бүтпөй, Н. Сулайманов баягы май талканга колонуп жүрөт.

01.02, 2003-жылы Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтү К. Батырова 9,87га жер аянты берилген, кийин ал таштак жерди район өзү эле транформация кылып прокуратуранын жардамы менен элге 5 соткадан бөлүп Муззафар Исаков 5 – 3 миң доллардан сатып жиберген. Шабдалы базары, Универмаг, Селхозтехниканы барын мыйзамды бузуу менен сатылып кеткен. Ушу кылынган кылмыштын алкагында, Н. Сулайманов бир дагы жаза албай Кадыржан Батыровдун империясынын мыйзамсыз оокатын сатып жатканы өкүнүчтүү. Н. Суламановдун кымырын кылынган кылмышы жөнүндө бир далай прокуратурага арыздар жазылып, бирок прокуратура өзүлөрү көмөк көргөзгөндөрдүн бири болуп кылмыш иштер ачылбай келет. Кылмыштын бетин ачылбай тамырланып кетти кимдин күчү жетери адамдын ишеничи өчүп баратат. Минтип отурса Кыргызстанга баш аламан пайда болуп Афган синдромуна пайда болууга шарт түзүлүп жатат.

Укук коргоочу Анарбай ОРОЗОВ

Булак: NazarNews.kg

Последние новости