www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда дүйнөгө белгилүү ырчы Майкл Джексонга куюп койгондой окшош адамдын видеосу кеңири тарады. Анда коомдук транспортто бара жаткан жаранды белгисиз адам тасмага тартып алганын көрүүгө болот. Видеодо Майкл Джексонго окшош адам камерадан жүзүн жашырууга аракет кылып, колу менен объективди жапкан учурлар байкалган.
Бул көрүнүш интернет колдонуучулары арасында ар кандай талкууларды жаратты. Айрымдар аны чыныгы Майкл Джексон болушу мүмкүн деп божомолдошсо, башкалары бул жөн гана окшош адам экенин айтышууда. Бирок азыркы учурга чейин бул видео боюнча расмий тастыкталган маалымат чыккан жок.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Sean Combs (P. Diddy) айланасындагы чуулгандуу окуялардан кийин Майкл Джексон тууралуу дагы ар кандай божомолдор тараган. Интернетте айрым аудио жазуулар жана билдирүүлөр жарыяланып, коомчулук арасында талкуу күчөгөн.
Ошентсе да, расмий маалыматтар боюнча Michael Jackson 2009-жылы каза болгон. Анын тирүү экени тууралуу маалыматтар азырынча эч бир расмий орган же үй-бүлөсү тарабынан тастыктала элек.
Белгилей кетсек, Майкл Джексон дүйнөлүк музыка тарыхындагы эң таасирдүү артисттердин бири болуп саналат. Анын “Billie Jean”, “Thriller”, “Beat It”, “Smooth Criminal” сыяктуу ондогон хит ырлары бүгүнкү күнгө чейин популярдуулугун жоготкон эмес.