www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Кыргызстандагы башкаруу системаны өзгөртүүнү сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда парламенттин жыйында айтты.

«Биз президенттик башкарууну көрдүк. Парламенттик башкаруууну да баштан өткөрдүк. Бирок каалаган максаттарга жеткен жокпуз. Менин оюмча, бүгүнкү күндөгү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, парламенттик же президенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Эгерде биз парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек десек, анда премьер-министрдин бардык ыйгарым укуктарын күчөтүшүбүз керек. Андан тышкары шайлоодогу чекти 2 же 3 пайызга түшүрүүгө да каршы эмесмин. Эң негизгиси биз башкача системаны тандап алышыбыз керек», - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости