www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров менен Кыргызстанда орун алган саясий окуялардын күңгөй-тескейин сүйлөштүк.

-Азимбек Анаркулович, экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен жаңы бийликке келген Садыр Жапаровдун ортосунда  маселени мыйзамдын алкагында чечүүгө аракет кылып жүргөнүңүздөн кабарыбыз бар. Сиздин аракетиңизден майнап чыктыбы?

-8-октябрда аксакалдык парзымды аткарайын, калыс кеп-кеңешимди айтайын деп Кыргызстанга келгем. Ошол эле күнү бүгүн кеткен экс-президент, жаңы бийлик ээлери Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жана башкалар менен жолуктум, кеп-кеңешимди айттым. Негизги кеңешим, легитимдүү бийлик аркылуу гана жаңы бийлик түзүү багытында болду. Сооронбай Шарипович  Жээнбеков жана Садыр Жапаровдор да макул болуп жатты. Бирок, ошол эле учурда алар менден башкалар менен да жолугуп турушту, Атамбаев, Бабановдор баштаган топ, аянтка келгенде Жээнбеков менен Жапаровдор бир турушту. Менин жеке баамымда алардын жаңы түзүлүп келе жаткан ымаласы Россиядан Козак келип кеткенден кийин бузула баштады. Жапаровдор күндөн-күнгө  Жээнбековдун кетишин талап кыла баштады жана максаттарын ишке ашырды. Жээнбековдун шайлоодо жеңүүчү болгон үч партиясы «чимкириктер» экенин дагы бир жолу далилдешти. Атамбаевди саткандай Жээнбековду сатып кетишти, коргой алган жок. Ошентип Жээнбековдун өз арызын жазып бергенден башка аргасы калбады. Экинчиден, ал “кан төгүлбөсүн” деди. Себеби Жээнбеков кетсин дегендер «резиденцияга» чукул топтолуп жатты.

-Жаңы бийлик ээлеринин талаптары аткарылып, экс-президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти. Эми мындан аркы абалыбыз кандай болот?

-Садыр Жапаров жана анын командасынын иш аракетине, айткан сөздөрү менен кылган иштери дал келеби, ошого жараша болот.

-Садыр Жапаровдун тарапташтары Канат Исаевдин да отставкасын талап кылышты  го. Эми Канат Исаев да отставкага кетеби?

-Өлкөдөгү бардык жаман көрүнүшкө азыркы Жогорку Кеңеш күнөөлүү, аларды курултайда алда качан кетсин деген чечим чыгарылган. Ал эми Канат Исаевдин кымындай акылы болсо  өзү эле кетет го. Кетпесе деле президенттин милдетин аткаруудан баш тартышы керек.

-Айрым  саясатчылар чукул арада президенттик да, парламенттик да шайлоо болушу керектигин айтышууда. Мамлекет эки шайлоону көтөрө алабы?

-Азыр шайлоо системасын өзгөртүү керек. Анткени, ушул шайлоо системасы мамлекетти эле артка тартпай, кыргыз элин саткын, намыссыздыкка, арамдыкка түрттү. Эми аны өзгөртмөйүн улам-утулган партиялар тополоң кыла берет. Жапаровдун өкмөтүндө  шайлоодо аз добуш алгандар топтолушту. Элди сатып алган бийликтин партиясы да жөн эле кетип калбай 2010- жылкы “Ата-Журт” партиясына  окшоп, оппозиция болуп утуп кетиши мүмкүн. Акчалууларды криминалдарды, бай көпөстөрдү шайлоодон четтетүүнүн туура жолу депутаттарды түз элдин өзүнө тандатуу болот. Шайлоодон мурда, кандай шайлоого барабыз, ошону шашпай тактап алышыбыз керек. Антпесек, бул шайлоо системасы кайра эле тополоңго алып келет. Бирок, азыркы парламенттеги партиялар ага барышпайт. Садыр Жапаров жана анын командасы анын Парламенттеги айткан мурдагы сөзүнө туралабы же ойноп кетеби маселе ошондо. Себеби, шайлоо системасы өзгөртүлсө көпчүлүк партия лидерлери округдардан өтпөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости