Садыр Жапаров: "Биз сөзсүз түрдө люстрацияны ишке киргизебиз, тазалайбыз"
Расмий кабарлар  |   |  3621

Биз люстрация мыйзамын сөзсүз ишке киргизебиз. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министрдин жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров билдирди.

Ошондой эле ал аталган мыйзам боюнча критерийлер көп болот, бирок кийинчерээк бул боюнча кененирээк маалымат берерин белгиледи.

"Биз сөзсүз түрдө люстрацияны ишке киргизебиз, тазалайбыз", - деди ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями