www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада Жогорку Кеңештеги “Республика Ата Журт” фракциясынын депутаты, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жетекчиси Махабат Мавлянова кытай туристтерине визасыз режим киргизүүнү сунуштаган. Дал ошол замат көпчүлүк социалдык тармактарда “Депутат кытайларды визасыз киргизүүнү сунуштады, мамлекеттин келечегин ойлобогон кандай депутат” деп депутат айымды ур-тепкиге алып жатып калды. Мындай мааниде биздин гезит дагы өткөн чыгарылышта жазган. Ал эми Махабат айым 10-октябрь күнү Жогорку Кеўештин жыйынында виза тууралуу айткан сөзү бурмаланып кеткенин айтып, атайын кайрылуу менен чыкты. Демек, бул окуя тууралуу биздин гезит кеўири сөз кылууну чечтик.

Кеп кезеги эл өкүлү Махабат Эргешовнада:

--Махабат Эргешовна, парламентте: “Кытай туристтеринин Кыргызстанга келүүсүнө визасыз режим киргизели” деген сунуш бердиңиз. Сиздин ой-пикириңиз бурмаланып кеттиби же коомчулук туура түшүнбөй калдыбы? Бул идея кайдан келип чыкты?

--Бул мыйзам долбоору эмес, жөн гана сунуш болчу. Баса белгилей кетчү нерсе мен жалпы кытай жарандарын эмес, кытай туристтерин гана чектелген мөөнөткө визасыз киргизүү сунушун бердим. Ушуну тереўден түшүнсөўүздөр. Бул сунушту бергенче биз туризм Ассоциация өкүлдөрү менен сүйлөшүп, эксперт, кээ бир мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, башка өлкөлөрдүн тажырыйбасын карап анан Кыргызстанга да киргизсекпи деген ойдо айттым эле. Мунун жакшы жери мамлекет эч кандай акча коротпойт, болгону аларды кайра чыгаруу кепилдигин, механизмин мойнуна алса, кытайлык туристтерди тартып, рынокту кеңейтүү негизги максат болчу. Өткөн жумадагы фискалдык комитеттин жыйынында туризм багыты боюнча чечимге да сунуш бергем. Анан мен парламентте сунуш берээрим менен коомчулук чуулдап жатып калышты. Негедир бул сунушту башкача түшүнүп алышты. Кайталап айтып койчу нерсе, менин сунушум: “Кытайлардын баарына визасыз уруксат берүү” дегенди билдирбейт. Үй-бүлөлүк каражаты жетиштүү, колунда бар туристтердин акчасын биздин экономикага тартуу. Азыр өлкөгө туристтерди тартуу абдан кыйын. Кел десе келе калбайт. Туристтер визасыз режим, жакшы түзүлгөн коопсуздук шарттарына, кооз жайлар, инфраструктура боюнча карап анан кызыгышат.

--Мисалы кытай туристтерин визасыз киргизген өлкөлөр барбы?

--Ооба, алыс кетпейли Россияда жана Беллорусияда дал ушундай мыйзамды киргизип койгон. Ошондой эле кытай туристтер жалгыз келбей тобу менен келишет. Тобу менен келгенде эки тарапттуу келишим түзүлөт. Россияда спорт, физикалык өнүктүрүү жана туризм министрлигине жүктөлгөн. Эки тарапта тең келишимдер каралган, өлкө алардын коопсуздугун кантип сактайт, эгер өлкөдөн чыгып кетпесе кандай жаза колдонулат баардыгы каралган. Тиешелүү адамдар чек арадан кытайлык туристтерди тосуп алып, аларды ээрчитип жүрөт. Белгилүү бир маршрут менен жүрүп саякат жасатып, анан кайра чек арадан чыгарып коюшат. Жогоруда мен айтып кеткендей Россияга 720 миңдей кытайлык туристтердин тобу кирип чыгышкан. Алар дагы бул багытты өнүктүрөбүз деп аракет кылып жатышат. Мен биздин өлкөгө дагы ушундай режимди колдонсок дегем. Болжолдуу статистиканы карасак, Кытай туристтери жылына 260 миллиард долларды дүйнө жүзүнө саякаттап калтырып кетишет экен. Биз ушул бир пайызын алып калсак оңой акча болбойт эле го. Элди дүрбөлөңгө салып, туура эмес маалымат таратып, оюмду тескерисинен жеткиришти. Бул сунуш берилгенден кийин өкмөт аны аябай изилдеп, көзөмөлгө алуучу органдар толугу менен иштей алгандай болгондо гана ишке ашышы керек. Мен трибунадан айтып койсом эле кытайлар дароо эле келе калышпайт.

--Мисалы канча кишини тобу менен киргизип кайра чыгарсак болот?

--Россияда 5 адамдан 50 кишиге чейин киргизип кайра чыгарышат экен. Мен сунушумду айтканда социалдык тармактын колдонуучулары: “Кытайлар визасыз кирсе биздин мамлекетте калып калат” деп чуулдап чыгышты. Тескерисинче визасыз кирсе көзөмөл катуу болот. Ал эми виза менен кирсе ээн-эркин жалгыздап жүрүп, коррупцияга баткан органдарга акча берип паспорт, жарандык, жашоочу жай алып жатышат. Мен парламенттен болгону колунда бар кытайларды турист катары тартуу боюнча сунушумду гана айттым эле. Мындан сырткары “ТҮНДҮК” деген аталыштагы электрондук система иштелип чыгып жатыптыр. Системага ылайык өлкөбүзгө кирген жаран убагында чыгып кетпесе дароо маалымат келип турат экен. Качан ушул система ишке киргенде менин сунушум менен иштесек эч кандай коопсуздук жагынан коркунуч болбойт деп ойлойм.

--Сиз айткан сунуш иштесе канча миллион доллар өлкөнүн бюджетине түшүшү мүмкүн?

--260 миллиард доллардын бир гана пайызын биздин өлкөгө таштап кетишсе жаман болбойт эле. Коопсуздукту бекем кармап, алардын өлкөдө калып калбоо процесстерди ишке ашырсак андан да көп акча таап алышыбыз мүмкүн. Анда сыртка кеткен жарандарыбыз келип тейлөө тармагында деле сонун оокат кылышмак. Дүйнө жүзүндө туристтердин 100 миллионго чукулун кытайлар түзөт. Башка өлкөлөр аларгө өз кызматтарын көргөзүп, аларды тартып жатышат.

--Сиздин сунуш менен аймактарды өнүктүрсөк болобу?

--Жөнөкөй айтканда жок эле дегенде жакшы мейманканаларыбыз жок деп конокторду чакыра албай жатабыз. Менин сунушум өтсө, элдин колуна акча түшсө мамлекетке салык катары төлөнүп эки тарапка тең пайдалуу болмок. Жогорку деңгээлдеги мейманкалар салынса дагы башка маселелер чечилмек. Ошентип өзүнөн өзү социалдык маселелер чечилип баштайт. Эгер муну туура пайдаланып, туура иштетсек анда каражат сөзсүз түшөт.

--Бул жаатта негизи туризм департаменти иш алып барыш керек эле го?

--Россия 2000-жылы ушул режимди киргизип, бүгүнкү күнгө чейин колдонуп жатышат. Белоруссияда болсо 1993-жылдан бери иштеп келе жатыптыр. Туризм департаменти ушундай мыйзамдарды сунуштап, биз менен чогуу иш алып барса болмок. Туризм жаатында таптакыр иш алдыга жылбай тургандыгы жашыруун эмес. Мен ал тармактын ишине канааттанбайм.

--Коңшу мамлекеттер туристтерди тартуу боюнча кандай мыйзамдарды иштеп чыгышкан?

--Алыс кетпей Өзбекстанды алалы. Алар либералдык башкарууга өтүп жатышат,  100 өлкөнүн жарандарына 5 күнгө визасыз кирип чыгуу боюнча уруксат беришти. Алардын ичинде Кытай Эл Республикасы да бар. 5 күндө кайсы шаарды максат кылып көрүүгө келишсе, баарын көрүп кайра чыгып кетишет. Ар бир мамлекет туристтерди тартуу үчүн жогорку деңгээлде иш алып барат. Бизде болсо ушундай нерселерди сунуштасам абдан таландыга калып кеттим. Маалыматты толук карабай, изилдебей туруп жаман жагын гана көрүп турушканы мен үчүн аябай өкүнүчтүү.

--Кайсы бир күнү сиздин идея ишке ашып калса бай кытайларды Ысык-Көлдөн башка дагы кайсыл жерлерге алып барсак болот?

--Туризм тармагы десек дароо Ысык-Көлдү эстегенибиз туура эмес. Биздин Кыргызстандын канчалаган керемет кооз жерлери бар? Дал ушул туризм боюнча мыйзам долбоорлорун үстүндө иш алып баруудабыз. Бул мыйзамдын үстүндө 8 ай эксперттер менен кошо иш алып бардык. Мыйзамга 3 багытты тандап алдык. Биринчи багыты, өндүрүштүк зона, экинчиси туристтик реконструкциялык зона, үчүнчүсү инновациялык зоналар менен иш алып барабыз. Биз азыр аймактарды өнүктүрөбүз дейбиз бирок, тилекке каршы ушул күндө инвесторлор аймактарга барып кайсы бир ишкана курайын десе жер жок. Жердин баары жайыт статусунда же менчикте болбосо айыл чарба багытында колдонулат. Трансформацияланган өндүрүш багытындагы жер жокко эсе. Инвестор барып өндүрүш кылуу үчүн жерди өндүрүш багытына уруксат алуу үчүн, жок дегенде 3 жыл чуркашы керек  же 5 жылга созулат. Өндүрүш кылам деген адам шарты даяр жактарга кетип калат. Менин мыйзам долбоорумда дал ушул инвесторлор үчүн жеке же мамлекет тарабынан ишкерлер келгенге чейин айыл өкмөттөр баарын даярдашат. Качан инвесторлор келгенде даяр жерди берип “өндүрүштү ач” деп шарт түзүшөт. Экинчи багыты туристтик реконструкциялык зоналарды түзүү боюнча. Биздин туристтерди тартуучу потенциялыбыз аябай көп. Өндүрүштүк зоналар сыяктуу эле кооз жерлерге жергиликтүү өкмөттөн же ишкерлер тараптан баардык документтерин жасап туристтик зона статусун алышса, тиешелүү тармактар иш алып барган болсо алдыга жылуу дароо байкалат. Эгер мыйзам өтүп калса ар бир аймактагылар ушундай кооз жерибизди туристтик статус алабыз деп сунуш беришет. Тиешелүү комиссия карап, уруксат беришет. Каалагандай туристтик жайларды түзүп эл өзү эле өнүктүрүп кетишет. Экономикабыз көтөрүлсө деген ниет менен ушул мыйзамды жазып жатам. Биз мыйзамдык базаны түзүп берсек, иш өзү алдыга жыла берет. Бул мыйзам өлкөгө аба менен суудай керек. Араб өлкөлөрү туристтерди тартуу үчүн чөлдү гүлдөтө албай болгон аракетин көрүп жатышат. Биз эч нерсе жасабай туруп инфраструкциясын оңдоп, механизмдерди ишке киргизсек акча агылып келчү булактарыбыз аябай көп.

--Комитетти башкарууда эң оор тармак сизде эмеспи, транспорт курулуш боюнча бизде маселе аябай көп, иш алып баруу кыйынга турган жокпу?

--Турак жай курулуш, транспорт сыяктуу тармактарда маселе көп. Андыктан биздин комитет дайыма жандуу өтөт. Биздин курулушчулар советтер союзунан калган ыкмалар менен иштеп келишкен. Негизги жумушубуз маселелерди кароо, мыйзамдарды сунуштоо жана биздин комитетке тиешелүү элдин көйгөйлөрүн чечип берүү. Манас аэропортунун ишмердүүлүгү боюнча көйгөй бар деген маалымат түшкөндүктөн жумушчу топ ал жакта иш алып барууда. Калкты жарандык авиация жаатында тейлөө абдан начар экендигин жашыра албайбыз. Улам учактар учуу алдында техникалык жетишпегендиктер байкалып, учуулар болбой калууда. Жарандык авиа тармакты өнүктүрүү үчүн мамлекеттик компанияларды өнүктүрүү зарыл. Казакстанда мамлекеттик компаниялар 120 миллиард сом акча табышат экен. Биз деле мамлекеттик компанияларды иштетсек акча жакшы түшөт. Учурда “Эйр Кыргызстан” компаниясы банкрот деп табылып карызга батып турат. Биздин комитеттен депутаттар тарабанын кайсы бир өлкөнүн авиация тармагына сатуу сунушу берилди. Өкмөт мыйзамдарды карайбыз деп убада беришкен, карашат деп ишенем. Компаниянын акчалары азыр иштетилбей туруптур, башка дагы бир компания менен бириктирип туруп иш алып барса болот. Бул маселе көп жылдан бери тургандыктан биз атайын түрткү бердик. Бир айдын ичинде өкмөт башчынын деңгээлинде карап чечим чыгарып алып келишет.

--Курулуш тармагында дагы маселелер абдан көп экени байкалууда...

--Курулуш тармагы ички дүң продукциянын 18%ин берет. Азыркы күндө мынчалык акча түшпөй калат деген коркунуч бар. Бир нече ченемдик укуктук актылар туура эмес кабыл алынып калган. Буга чейин мэрияга кайрылуу жасап,  жер астындагы өтмөктөрүнө миллиондогон акчаларды бөлүштүрбөй,  системалык өзгөрүүгө таасир берчү нерселерге акча бөлүүнү карашын сунуштаганбыз. Анын ордуна башкы пландар боюнча иш алып барышса өзгөрүүлөр болмок. Шаардагы мектептерде балдарыбыз 3-4төн парталарга олтуруп окуп жатканын жашыра албайм. Кыскартып айтканда, биздин комитет чечимдерди кабыл алып, жыйынтыгын көрүш үчүн кызуу иштеп жаткан кезибиз.

--Дагы кандай мыйзамдардын үстүндө иш алып баруудасыз?

--Акыркы жылдары бир нече багыттагы мыйзамдын үстүндө катуу иштедим. Бир нече багытты камтыйт. Биринчиси туристтик зоналарды түзүү боюнча, экинчиси социалдык багыттагы мыйзам долбоорлорум жакында комитеттерде каралат. Бул жетим балдар үйүндөгү мамлекеттен бөлүнгөн жана демөөрчүлөрдөн келген акчаларды ачык көзөмөлдөөнү жөнгө салчу мыйзам долбоору. Өзгөчө жетим балдар үйлөрүнө көп барып көрдүм. Атайын түштөнүү жана кечки тамак учурунда барып жаттым. Кээ бир мекемелерде тамак ашы жок, кампасы бош турганын көрдүм. Аябай зээним кейип кайра-кайра барып жатып, тамак-ашын жөнгө салдым. Азыр менин бараарымды билишкендиктен тамак-аш кампасында сары майдан бери тизилип турат. Менин максатым карылар үйүнө же жетим балдар үйүнө жардам берип эле баса берүү эмес, системаны өзгөртүү. Өзгөртпөсөк депутат бир эки барып кеткенден кийин кайра эле мурдагы кебетесине келип калат. Андыктан системаны кантип өзгөртүү боюнча аябай ойлондум. Министрдин убактысы жок, төрт орун басары баарын кыдырып жетише албайт. Бизге өзүн жөнгө салуучу система түзүү нормаларын кароо үстүндө мыйзам долбоорун алып чыгам. Мисалы дал ушундай багытта иштей турган атайын көзөмөлдөөчү кеңеш түзүлүптүр. Ал кеңешке киргендер каалаган убагында ашканасындагы азыктардын туура пайдаланылып жаткандыгын жана башка учурларды көзөмөлдөсө болот. Азыркы күндө буга аябай каршылар көбөйдү. Социалдык мекемелердин директорлору ызы-чуу салып, каршылык көрсөтүшүүдө. Албетте алар текшерүүнү каалашпайт, анткени бул жерде кандайдыр бир чоң кызыкчылык болушу мүмкүн. Күнөөлөрү жок болсо алар унчукпай текшере беришсин деп коймок. Бул жаатта максаттарым ишке ашса анда менин чоң жетишкендигим ушул болот.

Баян Кулова

Булак: "Де-Факто"

Последние новости