www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Макмал алтын кенинде иш токтоду

Тогуз-Торо районундагы Макмал алтын кенининде иш 31-августтан бери токтоп турат. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 18-сентябрда парламентте билдиргендей, өкмөт учурда кендин ишин улантуу үчүн инвестор издеп жатат.

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Толкун Камчыбекова кендеги иштин токтотулушу боюнча буларды билдирди:

- Азыркы учурда минералдык чийки заттардын (сырье) базасы түгөнгөндүктөн, мындан кийинки иштер экономикалык жактан өзүн актамак эмес. Макмал кен иштетүү көрсөткүчтөрү боюнча чыгашага учураган мекеме катары 2013-жылы эле жабылышы керек экенин белгилеп кетели. Бирок Тогуз-Торо районунун социалдык абалын эске алып, ишкана башка филиалдардын эсебинен иштеп келген.

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, өндүрүштүн токтотулганына байланыштуу 1-сентябарда жумуш орундары кыскартылган. Тагыраак айтканда, 924 кызматкердин 593ү кыскартылды. Аларга бардык тийиштүү кенемтелер төлөнүп берилет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости