www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Макмалда эл кайрадан толкуду

Бүгүн Тогуз-Торо районунда жергиликтүү эл аймакта курулуп жаткан Макмал алтын кенинин базасына кирип барды. Бул тууралуу  райондун акими Тилек Идирисов мындай дейт:

- Райондук маданият үйүнүн жанында 500дөн ашык киши келип, 150дөн ашыгы комбинатка барышты. Ал жерде алгач комиссиянын мүчөлөрү комбинат иштебей жатканын текшериш үчүн ичине киришкен, бирок сыртта чогулган эл “бизди да киргизгиле” деген талап менен алтын кендин коргонун уратып кирип кетиптир.

Ошондой эле, Идирисов тургундар комбинаттын мүлкүнө бүлүк салбаганын, болгону дубал урап түшкөнүн кошумчалады.

Тоо-кен байытуучу ишкананын курулушуна каршы чыккандар 1-февралда Тогуз-Тородо митинг өткөрүшкөн. Анын катышуучулары “фабрика ишке кирсе Чернобыл сыяктуу эле зыяндуу болорун, мал-жан ууланаарын” айтып чыгышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алардын талаптары каралат деп убада берип, комбинаттын курулушу токтогонун маалымдашкан.

Жергиликтүүлөр "Макмалда алтын өндүрүүчү фабриканын курулушу токтобостон жүрүп жатат" деген жүйө менен ишканага кирип барып, дубалды уратышкан.

Булак: NazarNews,kg

Последние новости