www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Жылдыз Аманбековна, жакында эле ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандан камакка алынды, сиздин депутат жана журналист катары көз карашыңыз кандай?
--Кыргызда сөз бар:“Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт” деген. Казакстандын расмий бийлиги, ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары кармалгандан бери казак жараны экенин, ал тургай Жамбыл облусунда туулуп-өскөнүн жар салгандан кийин Дамирбек Асылбек уулуна бир беткей социалдык тармактарда көө жаап эле жазып туруп алышты. Бактыга жараша депутаттын атасы өзү, уулунун “казак жараны” деген маалыматтарды четке какты.
--Дегеле ушул депутат боюнча кандай маалымат билесиз жакындан...
--Дамирбек Асылбек уулу бүгүнкү күндө биздин кесиптешибиз, спорт тармагына чоң салым кошкон. Кыргыздын атын алыскы–жакынкы чет өлкөлөргө таанытып жүргөн, өз эмгеги менен өскөн Дамирбек Асылбек уулу жөнүндө айтсам сөз көп. Тилекке каршы, акыркы кездерде “бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт”, болуп, аны билип-билбей жатканы мени өкүндүрөт. Биздин кыргыз жигитибиз, чет элде жалган-жалаа менен кармалып жатса, биздин ошол эле кыргыз кыздары менен жигиттери баса калып моокумдары канганча шыбап, айтпаганды айтып жатышат. Кесипкөй журналисти дагы жөнөкөй адамы дагы...ошондон улам бир нерсе оюма келди, биз кыргыздар, бирөөнүн жакшылыгын көрсөк күйүнүп, жамандыгын көрсөк сүйүнөт экенбиз.
--Депутат катары Дамирбек Асылбек уулунун учурдагы абалы боюнча кызыгып көрдүңүзбү?
--Депутат жана журналист катары видеотасманы кылдаттык менен карап чыктым. Дамирбекке ар кандай провокациялык суроолорду берип жатса дагы, өзүн өтө токтоо кармаганы мыкты кыргыздын жигити экендиги көрүнүп турат. Тилекке каршы, казак күч органдары Дүйнөлүк мафиянын башчысын кармагандай эле, кыргыз депутатын соттун чечими жок каралап жатканы жана бир депутат үчүн бүтүндөй кыргыз элине көө жаап жатканы айдан ачык көрүнүп турат. Экинчиден бул иш өтө жашыруун болгондуктан тергөө иштери аяктап, соттун чечими чыкпайынча сыр ачыкка чыкпашы керек эле. Тилекке каршы сот боло электен мурун эле айрым казак ММКлары ар кандай чындыкка дал келбеген жыйынтык чыгарып жатышат. Баарыбызга белгилүү болгондой эле билебиз казак ММКсы каалаганын жаза албайт, көпчүлүгү бийликтин көзөмөлүндө турат. Алар бийлик кандай маалыматты берсе ошол маалыматты гана чыгара алышат. Керек болсо алардын социалдык тармактарына чейин тыкыр көзөмөлгө алынат, жоопкерчилик өтө чоң. Демек, биздин депутат Дамирбек Асылбек уулуна карата каралоо, кимдир бирөө тарабынан кызыкдар экендиги көрүнүп эле турат.
--Жылдыз Аманбековна, камакка алынган депутатка мыйзамдын негизинде жактоочу алындыбы?
--Албетте Кудай бетин ары кылсын, биздин кыргыз жараны Казакстанда кимдир бирөөнү өлтүрүп салса, сөзсүз түрдө ага жактоочу берилип иштин жагдайы териштирилет. Баары мыйзамдын чегинде каралат. Бүгүнкү күндө Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү"), 264-беренеси ("Трансулуттук кылмыш тобуна катышуу") менен айыпталып, эки айга камакка алынган биздин депутатыбыз Дамирбек Асылбек уулуна, Кыргызстан тараптан жактоочу, консуль дагы киргизилбей, аны менен жолукканга казак күч органдары мүмкүнчүлүк түзүп бербей жатат. Демек бул уюшулган. Биз муну башында эле сезгенбиз. Тилекке каршы, камакка алынган кыргыз депутатынын алдына эч кимди киргизбей, бир беткей каралаганы такыр туура эмес. Биздин кыргыздын кырчындай жигити спорт тармагында атын таанытып жүргөн депутатыбыз, жанындагы эки кыргыз жигити күнөөсүз жерден камакка алынып кармалып жатат. Менин таң калганым ушул камакта жатканы кыргыз жигиттерин, биздин эле кыргыздын уул-кыздары табалап, шылдыңдап, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып башынан ылдый жугунду куюп жатканы. Биз ошол казак элинин бир депутаты эмес, жөнөкөй эле адамы камакка алынып калса, өтө ынтымактуулугун көрсөтмөк. Биз болсо социалдык тармактарда аларга жем таштап атабыз. Мына жазып жатышат, “кыргыздарга согуш ачып кереги жок, өздөрүн бири-бири менен кырылыштырып коюш керек”, деп.
--Эл арасында айтып жатышат, кесиптеши камакка алынып жатса, эл өкүлдөрү унчугушпайт деп...
--Ооба, эл арасында, социалдык тармактарда “депутаттардын бирөөсүн кармап кетсе унчукпай олтурат” деп. Биз, эч кандай унчукпай олтурган жокпуз, Жогорку Кеңештин эл аралык комитети атайын жабык эшик артында жыйын өткөргөнбүз. Дамирбек Асылбек уулу жана Кыргызстандын дагы эки жараны - Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадилов Казакстанда 17-февралда кармалгандан бери ич ара талкуулар болуп жатат. Ал тургай парламентте камакта жаткан депутат Асылбек уулу Дамирбекти сотко чейин камактан алып чыгуу демилгеси көтөрүлгөн. Бул жерде казак күч органдары өздөрүнүн ууруларын өздөрүнүн короосунан издешсе жакшы болмок. Бир жаш жигитти чоң мафиоз кылбай.
--Рахмат.
Булак: NazarNews.kg