www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү дин аалымы Максат ажы Токтомушов акыркы күндөрү өлкөнүн бир катар аймактарында эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Акыркы жолугушуу Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы Курманбек стадионунда өтүп, ага миңдеген адамдар катышты. Иш-чарага мамлекеттик жетекчилер, анын ичинде Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана шаардын мэри да расмий катышты. Маалыматтарга караганда, ушундай эле жолугушуулар өлкөнүн башка облустарында да уюштурулары айтылууда.

Диний аалымдардын адеп-ахлак, тарбия жана үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу элге кайрылуусу мыйзам чегинде кадимки көрүнүш. Бирок мамлекеттик бийликтин мындай иш-чараларга расмий аралашуусу жана жетекчилердин активдүү катышуусу коомдо олуттуу суроолорду жаратууда.

Кыргызстан Конституция боюнча светтик мамлекет. Бул мамлекет бардык диндерге жана диний ишенимдерге бирдей мамиле жасап, алардын бирине да артыкчылык бербеши керек деген принципке негизделет. Ошондуктан мамлекеттик кызматкерлер дин өкүлүн мамлекеттик деңгээлде коштоп, алдында бөжөңдөп чуркап колдоо көрсөткөн көрүнүш светтик саясаттын маңызына каршы келет.

Эгер бүгүн бир диний лидердин жолугушуусу мамлекеттик деңгээлде уюштурулуп жатса, анда эртең башка конфессиялар үчүн да ушундай шарт түзүлөбү? Же мамлекет белгилүү бир диний багытты кыйыр түрдө колдоп жатабы? Бул суроолорго коом так жооп күтөт.

Мамлекеттин күчү диний иш-чараларды уюштурууда эмес, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууда, билимди, экономиканы жана социалдык саясатты өнүктүрүүдө болушу керек. Светтик мамлекеттин чеги бүдөмүктөлө баштаса, бул келечекте мамлекеттик институттардын бейтараптуулугуна болгон ишенимди алсыратышы мүмкүн.

Башталат баары майдадан дегендей, азыртадан эсибизге келип, этегибизди жыйбасак, ушундай көрүнүштүн келечеги кооптуу. Мамлекет өзү образдуу айтканда, токойду кыйрата турган сабы жыгачтан «балта» даярдап жаткандай таасир калтырат. Андыктан, мамлекеттик жетекчилердин динге кызмат кылган жоруктары ооздукталышы керек.

Последние новости