www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамытканов мурдагы «Ганси» аскер базасынын аймагында жайгашкан «Семетей» госпиталына барды. Бул тууралу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бегилесек, «Семетей» госпиталы коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында жарандарды жайкысын кабыл алуу үчүн ыкчам түрдө уюштурулган, бирок техникалык мүнөздөмөсүнө байланыштуу анын күз-кыш мезгилинде мындан аркы пайдаланылышы мүмкүн эмес эле. Буга байланыштуу аны күз-кыш мезгилинде иштетүүгө даярдоо чечими кабыл алынган.
Коронавирустун ыктымалдуу экинчи толкунуна карата даярдык алкагында  1300 койко-орун даярдалган, ошондой эле 5 кошумча корпус тийиштүү инвентарь менен жабдылган жана медициналык кызматкерлерди жайгаштыруу үчүн даярдалган.

Учурда госпиталь жарандарды кабыл алууга 90% даяр, шыптарды которуу, ошондой эле электр-монтаждоо жана сантехникалык иштер калган.
Вице-премьер-министр белгилегендей, кыска мөөнөт аралыгында бардык ремонт иштери бүткөрүлүшү керек, мында өзгөчө басымды пландаштырылып жатан иштердин сапатына жасоо зарыл.

“Процессти создуктурбастан, иштерди жыйынтыктоо керек, акча каражаты бөлүнгөн. Эпидемиологиялык абал начарлап жатат, биз 100% даяр болушубуз кажет”, - деп кошумчалады Максат Мамытканов.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр Өзгөчө кырдалдар министрлигине оңдоо иштеринин жыйынтыкталышын жеке көзөмөлгө алууну тапшырды жана бардык милдеттерди ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости