www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз милициясынын 96 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы ыйгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

20 жылдан ашуун укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн кызматкерлердин өмүрлүк жарларына берилүүчү медалды Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков тапшырды. Капарбек Исаков милициянын жубайы болуу сыймык экендигин айтып, алып жаткан сыйлыктары менен куттуктады.

Ошондой эле алардын жолдошторунун жумушу татаал жана жоопкерчиликтүү экендигин белгиледи. Ал эми Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖКККБнын начальниги, милициянын подполковниги Авазбек Досов офицерлердин жубайларына бекем ден соолук каалап, өмүрлүк жолдоштору менен түбөлүктүү жана бактылуу жашоо тиледи. Өз кезегинде медал тагынып, кубанып турган офицерлердин жубайлары ыраазычылыктарын билдиришип, сыйлык тапшыргандардын жана кызматкерлердин жумуштарына ийгиликтерди каалашты. 

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости