www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын Преизентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек жылуулук электр борборунун 2020-2021-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр Бишкек ЖЭБинин көмүр кампасындагы отундун запасы, диспетчердик пункт жана жүргүзүлүп жаткан пландуу оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. 

«Улутттук энергохолдинг компаниясы» ААКтын маалыматы боюнча, күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБине жалпысынан 1 млн 110 миң тонна көмүр керек. Учурда кампада 296 миң тонна отун бар. Анын 28 500 тоннасы импорт, 268 миң тонна ата мекендик көмүр. Бул 2 айга жетерлик көлөм. 

Вице-премьер-министр калкты, анын ичинде социалдык жана башка объекттерди үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу – Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. 

«Жылытуу мезгилине даярдык сапаттуу жана өз учурунда жүргүзүлүүгө тийиш. Коронавирус инфекциясына байланыштуу абалды эске алуу менен кышка даярдыкка өтө жооптуу мамиле кылынуусу шарт. Жылытуу мезгилинде калкты, анын ичинде социалдык жана башка объекттерди үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылууга энергетика тармагындагы ар бир жетекчи персоналдуу түрдө жооп берет», - деди Равшанбек Сабиров. 

Ошондой эле вице-премьер-министр энергетика тармагынын коррупцияланышына жол берилберин эскертти.  

Белгилүү болгондой, от казандарды жана турбогенераторлорду оңдоо белгиленген мөөнөттүндө аткарылып жатат. Эскерте кетүүчү жагдай, Бишкек жылуулук электр борбору жалпысынан 129 миң 691 абонентке жылуулук жеткирет. Анын 240ка жакыны социалдык обьект.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости