www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Максат Мамытканов шайлоого активдүү катышууга чакырды

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов шайлоочуларды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу ал брифинг учурунда айтты.

Анын айтымында, өлкө боюнча жарандардын добуш берүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. «Мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоого жана референдумга активдүү катышып бергиле. Муну менен сиз өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабай, жаңы багытын тандап алганга көмөкчү болосуз», — деп кошумчалады Мамытканов.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өМактүп жатат. Ошондой эле мамлекеттин башкаруу формасын тандоо үчүн референдум да чогуу өтүүдө. Өлкө боюнча 2400дөн ашуун шайлоо участогу иш алып барып жатат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости