www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19 болуп жаткандар кантип добуш бере алат?

Коронавирустун белгилери бар адамдар кантип добуш бере аларын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда айтып берди.

«Курч кармаган вирустук инфекцияга кабылгандар, грипп болуп жаткандар, анын ичинде коронавирустун белгилери барларга кечки саат 18:00дөн кийин добуш берүүгө катышуу сунушталат», - деди Бейшеналиев.

Министр ооруларды алдын алуу үчүн бет кап тагынып, аралыкты сактап, антисептик колдонууну эскертти. Ошондой эле, шайлоо участокторуна балдарды алып келбөөнү кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин санитардык нормаларды көзөмөлдөө үчүн ар бир шайлоо участкасында экиден медик иш алып барары айтылган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости