www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо күнүндө мыйзам бузууларга күбө болгон жарандар өкмөттүн call-борборуна кайрыла алат. Бул тууралуу Президенттик шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын төрагасы, вице-премьер Максат Мамытканов билдирди.
--“Телефон чалуулар акысыз. Жарандар шайлоо тилкелеринде электр жарыгы же интернет жок болсо, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тарабынан санитардык эрежелер сакталбаса жана башка мыйзам бузуулар байкалса ишеним телефондоруна чала алат”, – деди Мамытканов.
Сall-борборунун номерлери:
(0312) 66 28 58;
(0312) 66 28 51;
(0312) 96 14 54;
(0312) 96 03 11;
факс: (0312) 66 61 97.
Эскерте кетсек, бүгүн саат 08:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү башталды.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg