www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдар эс алыш үчүн Ысык-Көлдө лагерлер уюштурулушу керек. Мындай пикирин бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров  билдирди.

"Балдардын келечегин ойлобосок, мамлекеттин келечегин ойлобогондук. Ысык-Көл облусунда туризм сезону башталып жатат. Туристтер келеби, келбейби белгисиз. Балдар лагерлери жок кылынып, баарына пансионат салынган. Лагерлер жокко эсе. Лагерлерди уюштурушубуз керек.

Мындан тышкары Ысык-Көлүбүздү жок кылып алабызбы деп корко турганымды айтып келем. Күйүүчү май менен иштеген сүзүүчү каражаттарга тыюу салуу зарыл", - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости