www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Жылдыз Жолдошова менен Ош коогалаңы жана ошондогу кайгылуу, аянычтуу окуялар боюнча тартылып алган видео баян боюнча баарлаштык.

--Жылдыз эже, каргашалуу  Ош коогалаңына 10 жыл болду. Аянычтуу оор окуядан сабак алдыкпы?

--Биздин өлкөбүздө, сабак ала турган өтө көп аянычтуу окуялар болду. Тилекке каршы, сабак ала албадык. Апрель окуясы кайталанбасын десек, бийлик адилет, акыйкат жана мыйзам ченеминде бийлигин жүргүзүшү зарыл. Ал эми, Ош окуясы кайталанбасын десек, саясатчылар сепаратисттик күчтөр менен соодалашпашы керек...

--Ошол коогалаң боюнча тарткан видео баянды учурунда "Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн каралоо үчүн бир жактуу тартылган" деп кимдир бирөөнүн буйругун аткарып жаткандай  доомат койгондор четтен чыкты эле. Бул боюнча не дейсиз?

--"Коогалаң" - бул видео-отчёт. 10-июнь 2010-жылы болуп өткөн, улуттар арасындагы кагылышуу, эгер ачык айта турган болсок кадимки "согуш" болду. Бири-бирин мыкаачылык менен өлтүрүшүп, союшуп, өрттөшүп жана башка үрөй учурган кан төгүүлөр болгон. Бул видео-отчёт даректүү тасма эмес, артисттер роль ойноп тартылган, Коогалаң видео-отчёту болгон окуялар мончоктой тизмектештирилип берилген (хронологиясы). Негизги материалдар, күч органдарынан алынган. Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү, ошол күндөрү ичип мас болуп жатса, кээ бирөөлөрү Оштон вертолёт менен качышкан. Убактылуу Өкмөттүн күнөөлөрү талашсыз. Анткени, алар 2010-жылы апрель окуясынан соң эл аларга ишеним көрсөтпөсө да, бийликти  "торт" бөлгөндөй бөлүп... мамлекеттин, элдин тагдырын мойнуна алышкан.

--Азимжан Аскаров актанып жаткандай  акпы?

--Азимжан Аскаровдун күнөөсүн, жабыр тарткан жарандарыбыз мойнуна өз убагында коюп беришкен. Ким болбосун, кайсы улуттан болбосун, улуттар аралык кагылышууга алып келсе, ал адамды аёсуз жазалоо керек...

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости