www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин үйүндө укук коргоо органдары тинтүү жүргүзүштү.

Депутаттын адвокаты тинтүү мыйзамсыз жүргүзүлгөндүктөн, укук коргоо органдарынын бул аракеттерине сот тартибинде даттанаарын маалымдады.

“Бирок, тинтүү учурунда менин кардарыма зыян келтире турган эч кандай маалымат же буюм табылган жок”,- деди Бактыбек Жумашев.

Адвокаттын айтымында, “Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык депутатка жеке тинтүү жүргүзүүгө тыюу салынат. Депутаттын үйүнө өзгөчө оор кылмыш жасаган учурда гана жеке тинтүү өткөрүүгө мүмкүн.

Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Кубанычбек Жумалиевдин туугандарынын жана жакындарынын үйлөрүндө жана кеңселеринде тинтүү тергөө ишинин алкагында гана жүргүзгөндүгүн тастыктаган. Тинтүү иштери Кылмыш-процессуалдык мыйзамдын талаптарына ылайык болгонун алар кабарлашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости