www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясий куугунтукту жүргүзүүгө, контрабанда, коррупция ж.б. бир топ мыйзамсыз иштерге коомчулук тарабынан шектелген Абдил Сегизбаев менен Болот Сүйүмбаев эркиндикте жыргап жүрүшкөнү көпчүлүктү таңгалдырып келет.
Алгач булардын камалуусу боюнча маселе жаралып, бирок кайра иш оңунан чыкпай калган имиш.
Айрым кептер боюнча алганда, Сегизбаев менен Сүйүмбаевде мамлекеттик сырлар, бир топ таасирдүү адамдарга карата компроматтар болгону үчүн кылдары кыйшайбай жүрүшөбү? Оор кылмыштарга шектүүлөр катары суудан кургак чыгып кетишсе, анда учурдагы укук коргоо органдарынын жетекчилери да каалагандай мыйзам бузушуп, аягында өлкөгө коркунуч жаратышаары, келечекте камырдан кыл сууругандай жоопкерчиликтен качып кетишери ажеп эмес.
Андыктан, мыйзам баарына бирдей болгондой эле экөөнүн өтмүшү казылып, тыкыр текшерүүлөргө алынышы зарыл. А болбосо мамлекеттүүлүккө коркунуч келет!
Тилекке каршы, демократтарга, ачык ой-пикир айткандарга куугунтук жасабай, «мите курттардын» жазаланышын маанилүү катары көрсөк болбойбу?
Булак: АЗИЯnews