www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Караганда облустук соту мас абалында кокусунан 8 айлык эгиз балдарын өлтүрүп алган 26 жаштагы Людмила Хакимовага карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалыматка  ылайык, Хакимовага карата "кокустуктан адам өлтүрүү" беренеси боюнча иш козголгон. Сот Хакимованы 2 жарым жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

"Соттолуучуга буга чейин кылмыш иши козголгон эмес жана күнөөсүн моюнуна алып, кылган иши үчүн өкүнүп жатат. Ошондой эле дагы эки баласы бар болгондугуна байланыштуу жеңил жаза берилди. Хакимованы 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалсын. Эркиндикти чектөөнүн бүткүл мөөнөтү укук коргоо органдарынын тыкыр көзөмөлүнө алынсын", - деген Караганда облустук сотунун судьясы Еркеш Маукен.

Аталган окуя ушул жылдын февраль айында болгон. Анда 26 жаштагы эне арак ичип отурганда, эгиз балдары тынчын алып ыйлаган. Мындан улам энеси аларды тезирээк уктап калсын деп үстүнө калың жууркан жаап салган. Качан гана балдар тынчып калганда аларды төшөккө алып барып жаткырып, өзү кошо уктап калган. Ойгонгондон кийин гана ал балдарын өлтүрүп алганын билген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости