www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- 7-апрелде 10 миң адамдын катышуусунда митинг өтө турганын айрым маалымат каражаттары жазышты. Бул иш-чараны “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси Мээрбек Мискенбаев уюштуруп жатыптыр. Анда президент Сооронбай Жээнбековго бир катар талаптар коюлат экен. Сиз да Апрель баатыры катары бул жыйынга катышасызбы?

- Мен бул маалыматты силерден угуп жатам. Ошентсе да, саясый максатты көздөгөн митингге каршыбыз. 7-апрелде жөн гана арбактарга куран окутуп, аларды эскерип коюу жетет. Ал эми президентке талап койгудай анын иштегенине жарым жыл да боло элек. Эгер айрымдар чыгып мамлекет башчысынан ар кандай саясый талаптарды талап кылса өздөрү уят болот. Эл баарын көрүп турат. Ошол эле Мискенбаев кимдин куурчагына айланып калганын элдин баары айтып жатат. Токтотуш керек мындай уятсыздыкты.

- Алар үй-бүлөлүк башкарууга багыт алып баратабыз деп чочулап жатпайбы?

- Үй-бүлөлүк башкаруу болгондо Мискенбаев эмес, эл айтып чыкмак. Азыр мындай шылтоону айтып чыккандарды эл колдобойт. Президент деле кландык башкарууга каршы чыгып жүргөн адам катары мындайга эч качан жол бербейт. Мен буга терең ишенем.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости