www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Табияттын табышмактуу сырларын чече албай адамзат эмдигиче башы ооруп келе жатат. Чындыгында эле бул он сегиз миң ааламдын болгон сырын чечиш баарынын колунан келе бербейт тура, ага биз алсызбыз. Илим-билим өнүгүп, канчалык техникалык революция жасап, адамзаттын аң-сезими өстү деген сайын бизге билине, али ачыла элек жаратылыштын сырдуу кубулуштары андан да көп. Башкасын айтпай эле коёлу. Биздин күнүмдүк турмушубузду кездешип жүргөн бирок, баш жандырмагын чече элек "үй ээси", "арбак", "колдоочу" сыяктуу түшүнүктөрдүн өзү эле биз жаратылыштын сырдуулугуна баш ийип жашап келе жатканыбызды далилдейт. Мурун мунун баары советтик мезгилде диний түшүнүк катары, коммунисттик идеологияга туура келбейт деп куугунтукталып келсе, азыр демократиянын шарапаты менен ачыкка чыгып отурбайбы. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү козукарындай жайнап кеткен көзү ачыктар, экстрасенстер, парапсихологдордун көбөйүп кетишине таң калганыбыз да туура болбос. Эми булардын канчасы шарлатан, канчасы табият берген феноменге ээ анын баарын өздөрүнүн абийири жана мезгил таразалап алаар.
Бирок, жогоруда айтып өтпөдүкпү, арбак, Кудай колдоочужана башка түшүнүктөр бизге чейин жашап келген, биздин учурда да жашап келет.
Бизден кийин да жашай бермекчи. Муну дүйнө эли миңдеген кылымдар бою келе жаткан турмуштун бай тажрыйбасынан алган эмеспи. Бекер жеринен "Манастын тушүндө аян бериши", "Курманжан Датканы колдогон кызыл чаар жолборс" деген түшүнүктөр келип чыккан эместир.
Алгач, жаш кезимде мындай сөздөргө көп маани берчү эмесмин. Кийин Орусия өлкөсүнө иштегени жөнөдүм. Жөнөп жатканда атам акыл-насаатын айтып жатып, кеп арасында сөз кыстырып кеткен жери бар.
-Уулум минтип, бой тартып, эрезеге жетип бөлөк жерге, бөлөк элге бактыңды сыноо үчүн кетип бара жатасың. Сенин чоң энең оңой киши болгон эмес. Кыргызчылыгы болуп, балдарды эмдеп-домдоп жүрчү эле. Анын колдоочулары болгон экен. Мына ушул колдоочулары эми сага өттү окшойт. Алыс жерде жүргөндө, чоң энеңдин арбагына багыштап куран окуп, бата тилей жүр. Анын колдоочулары сени да колдоп жүрөт.
Чындьгында атамын бул сөзү көкүрөгүмдө турса да Орусия жерине келген соң түйшүккө аралашып жүрүп унутуп калган экенмин, Арадан жылдар өтүп жатты. Эстеген сайын чоң энеме багыштап куран окуп койчумун. Бирок анын арбагы мени колдоп аян берет деп түк ойлогон жок элем. Жакында болуп өткөн бир-эки окуядан соң анын арбагы мени колдоп, туура багыт көрсөтүп жүргөнүнө ишенип калдым.
Жумуштан чарчап келип, төшөгүмө кулаган элем. Түшүмө чоң энем кириптир. Өммүрү башына элечек кийбесе да, ал бүгүн аппак элечекчен экен. Эмнегедир мага ачууланып, кейип-кепчип тилдеп
жатыптыр. Мени бир жакка жибергиси келбей, жанынан чыгаргысы келбей ачууланып жаткандай. Жаш кезимде чын эле чоң энем мени жанынан чыгарбай ээрчитип жүрөт эле.
Эртең менен туруп түндөгү көргөн түшүмдү бир сыйра эстедим да, кечинде келгенде колуктума айтып жыт чыгарып коёюн деп жумушума жөнөп кете бердим. Аттиң! Ошондо шашпай куран окутуп, андан кийин жумушка кетсем болмок экен. Жолдон бара жатканда машинабыз ала салып кетип, жамбашым сынып ооруканада эки ай жатып айыгып чыктым. Машинедеги менден башкасы эч нерсе болбоптур. Мьша ошондо чоң энем мени колдоп жүргөнүнө бир ишендим эле.
Айыгып жумушка чыкканча арадан төрт-беш ай өтүп кеткен.
Бул жолу да чарчап келип төшөккө куладым. Түшүмдө чоң энем менен жүрүптүрмүн, жарыктык киши баягы тирүү кезиндегидей сезилди. Көңүлү куунак. Мени эркелетип бир жакка конокко ээрчитип бара жатыптыр. Бир той болуп жаткан жерге ээрчитип барды да, боз үйгө кирип кетип, боорсок алып чыгып уучума толтуруп салып берди. Боорсоктун баарын жеп койдум. Ушуну эле күтүп тургандай чоң энем бетимден жыттады да көздөн кайым болду.
Ойгонсом түн ортосу болуп калган экен. Көргөн түшүмдү жакшылыкка жоруп, эртең менен турган соң колуктума айтып, жыт чыгарып, чоң энеме багыштап куран окуп койдум. Мына ошондон көп өтпөй эле ишим жүрүп жакшы жумушка орноштум, көп акча, киреше түшүп айылга жөнөтө баштадым. Акча менен Бишкектен там да, машина да сатып алдым. Кийин өз жериме кайтып келдим.
Ошондон кийин гана менин колдоочум чоң энем экендигине ишенем. Азыр анын арбагына багыштап куран окутуп турам. Чындыгында эле бул турмушта "арбак, колдоочу" деген түшунүктөр жөн жеринен келип чыкпаптыр. Биз, тирүүлөр өлгөндөргө ар дайым таазим этип жүргөнүбүз абзел экен. Эми, бул менин гана көз карашым. Ал эми башкалар буга кандайча карайт болду экен?
Асылбек Мамакеев Бишкек шаары.
Булак: Шамбала