www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мектеп программасын 12 жылдык окууга өткөрүү үчүн билим берүү системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карап жатышканын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалым кылды.

Министрдин айтмында бул эл аралык, дүйнөлүк практикада бар. Азыркы тапта 12 жылдык окууга өткөрүүгө Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жетет экен. Бирок бул маселе быйыл же кийинки жылы ишке ашат деп айтууга болбойт. Учурда бул маселенин артыкчылык-кемчиликтери анализденип жатыптыр.

Албетте, бул жагдай боюнча коомдо пикирлер ар түрдүү. Көпчүлүк 12 жылдык окууга каршы ойлорун айтышууда. Анткени мамлекет бул нерсе менен мектепти аяктап жаткан 100 миңдеген окуучуну дагы бир жыл ата-эненин мойнуна мингизип турууну эп көрүп жатат. Бул жагдай мектептерди аяктап, жогорку окуу жайларына өтө албай, жумушсуздардын катарын толуктагандардын санын азайтууга багытталган. Экинчиден 12 жылдык программа ишке кирсе, мамлекеттин бюд-жетине да оорчулук келет.

Мамлекет 12-класстын окуу куралдрын чыгарыш керек, мугалимдердин айлыгы бар. Бул кошумча түйшүк. Демек артык кылуудан мурда, тыртык кылып алуу коркунучу күч. Эгер 12 жылдык окуу боло турган болсо окуучулар по вар, сантехник, сварщик, водитель сыяктуу кесиптик билим алып чыгышы зарыл. Ошондо жогорку окуу жайларга тапшырбагандар иш таап, жумуш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул тууралуу маалыматты Фабула гезити жазып чыкты.  

Булак: Фабула

Последние новости