www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемерово облусунун борборундагы «Зимняя вишня» соода борборунда өрт 25-мартта тутанган. Өлкөнүн тергөө комитети менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий маалыматы боюнча, анда 64 киши каза тапты. Бирок күбөлөр өлгөндөрдүн саны андан кыйла көп экенин айтып жатышат. Орусиянын саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова каза болгон 64 кишинин 25инин сөөгү аныкталганын билдирди. Алардын 13ү 13 жашка чыга элек балдар болгон.
«Зимняя вишня» соода борборундагы өрттөн 64 киши каза болгондон кийин Кемерово шаарында жүздөгөн тургун облустук акимчиликтин алдына митингге чыгышты. Алар бийликтен өрт тууралуу чындыкты айтууну талап кылышты.
Кемерового Орусиянын президенти Владимир Путин учуп барды. Ал өрттөнүп кеткен «Зимняя вишня» соода борборунун алдындагы жергиликтүү тургундар тарабынан тургузулган мемориалга гүл койду. Мамлекет башчы митингдин катышуучулары менен жолуккан жок.
Президент кырсыкка көңүл коштук менен шалаакылык себеп болгонун айтты. «Бул согуштук аракеттер жүрүп жаткан же күтүүсүздөн метан жайылган шахта эмес да. Адамдар ал жакка эс алганы барышкан. Биз эмнеге демография тууралуу айтып, ушунча сандагы адамдарды жоготуп жатабыз? Кылмыштуу көңүл коштуктун жана шалаакылыктын айынан», – деди Путин.
Путин дагы кызык киши экен. Кемерового президент башы менен убара болуп келбей, 1 айдан кийин Кремлге чакырып эле көңүл айтып койбойбу! Башы жетпесе Атамбаевден сурабайбы? ...Атамбаев учак кулаганда, резиденцияга эле чакырып көңүл айтып койбоду беле?!
Булак: NazarNews.kg