www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кара аш, аш - кыргыздын акыркы салтанаты. Кыргыздар өлүмдөн коркпойт", - деди Максатбек Жумабеков.
"Кара аш, аш - кыргыздын акыркы салтанаты. Кыргыздар өлүмдөн коркпойт, өлгөн күнүн да салтанат кылып, жашоосунда жолуккан, угуп сыйлап жүргөн адамдар келип эскерип, жакшы иштерин, сапаттарын айтып, аякы коштошуу тамагын ичип, ыраазычылыгын айтып кетет.
Адам каза болгондо ар бир кыргыз ал адамды тааныса кара ашына барып топурак салганга аракет кылат. Адамдар жол алысына, күн түнүнө карабай келишет.
Өмүр сүргөн адамга канча киши келсе өшончо адам кошумчасын ала келет ошого жараша да сый урмат көргөзүлөт. Андан эч ким жарды болуп калбайт", - деп кошумчалады Жумабеков.
Эске салсак, кечээ, 24-февралда президент Садыр Жапаров «Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.
Булак: NazarNews.kg