www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кандай болгон күндө да элдин башында турган адам үчүн эң кымбат нерсе бул - элинин тынчтыгы менен мамлекетинин бүтүндүгү эмеспи", - деди бүгүн, 25-февралда NazarNews маалымат агенттигине МККнын төрагасынын мурдагы орун басары Самсаалы Четинбаев.
- Самсаалы мырза, Украина президентинин мурда жооптуу кызматтарда иштебегени үчүн катачылыкка жол берип алган жокпу?
- Мамлекет же улут (эл) өзүнүн көздөгөн максатына жетиш үчүн, мисалы өз алдынча эркин мамлекет куруу же башка мамлекеттин колониялык режиминен чыгуу үчүн кээде он жылдап кээде жүз жылдап ылайыктуу учурду күтүүгө туура келет.
Ылайыксыз учурда баш көтөрөм деп кээ бир учурда элин кырып азапка салып, мамлекетин кыйратып алган учурлар тарыхта көп эле болгон. Ушул жагынан алып караганда Украинанын Президенти жаштык кылып койду көрүнөт деп ойлоп кетип жатам. Албетте бул менин жеке пикирим.
Кандай болгон күндө да элдин башында турган адам үчүн эң кымбат нерсе бул - элинин тынчтыгы менен мамлекетинин бүтүндүгү эмеспи. Албетте бул айткандарым бүгүнкү орус бийлигинин өз алдынча эркин Украина мамлекетине баскынчылык менен кирип баруусун актабайт.
Украина эгемендүүлүгү толук таанылган өз алдынча эркин мамлекет. Украина эли өздөрү каалаган дүйнөлүк уюмдардын кимисине мүчө болуп кирет, кандай система менен жашап өнүгөт алардын жеке иши.
Булак: NazarNews.kg