www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында мал уруулук менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жеңил жашоону каалап, жергиликтүү фермердин мал жандыктарын уурдап, ага ири материалдык чыгым келтирген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
 Ушул жылдын 27-август күнү Москва районунун Сретенск айыл округунда жашаган жергиликтүү тургундун эки уюн уурдап кеткен. Такталган маалымат боюнча укукка каршы аракеттерди мурда соттолгон эки адам жасаганы белгилүү болгон. Бирөөсү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси менен соттолгон жердиги Андижан шаарынан болгон Өзбекстан Республикасынын жараны 1989-жылы туулган С.Э. экендиги аныкталды. Ал эми экинчиси Ош облусунун Алай районунун тургуну 1997-жылы туулган А.А. аттуу жаран, ал мурда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 175-беренеси менен (Никеге туруу максатында адам урдоо) менен соттолгон. Аларды Чүй облусунун Москва районунун аймагынан кармоону Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмдүн ыкчам кызматкерлери жүргүзгөн. 
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, алар эркинен ажыратуу жайларында бирге мөөнөтүн өтөп, ушул жылдын июль айында абактан бошошкон. Алдан ала маалымат боюнча жумуш жөнүндө жарыялар боюнча мал багуучу болуп орношушкан. Иштегендерине бир жума өтпөстөн жумуш берүүчүнүн малын уурдап кетишкен. Абалды пайдаланышып, түнкү маалда алар жергиликтүү тургундун сарайынан “симментал” жана “ала-тоо” асыл тукумдуу эки уйду уурдашкан. Жабырлануучуга келтирилген чыгым 160 миңден ашык сомду түзгөн. Мал уруулар малдарды тезинен сатып, изин жашырууну көздөшкөн. Ошондуктан алар «lalafo» жарыя берүүчү тиркемесин пайдаланышып, жүк ташуучу автоунааны чакырышып, ага уурдалган уйларды жүктөшкөн. Бул учурда ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин келип калуусун алар эч күткөн эмес.
 Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмү (Урдоо) менен сотко чейинки өндүрүш башталды. 
Шектүүлөр Чүй облусунун Москва районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости