www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1922-жылы СССР түзүлгүчө Орусияда бир топ айыл чарба реформалары болгон. Европа мамлекеттерине салыштырмалуу Орусия агрардык мамлекет катары калып, жер дворян, помещиктердин колунда эле, аны аларга көз каранды крепостной дыйкандар иштеткен. 1861-жылы крепостнойлук укук жоюлуп, бирок 1917-жылдагыдай дыйкандарга жер бөлүнүп берилген эмес. Дыйкандар крепостнойлук укук жоюлганы менен помещиктерге жер аркылуу көз каранды болуп калган. Муну 1906-жылы Мамлекеттик Дума аркылуу өкмөт башына келген Петр Столыпин ой-да пайдаланган. Орусиянын тереңинде батпай чалкып жаткан орустарга банктан акча төлөгөн да Орусияга колония болуп турган чет жактарга айдаган. Мисалга Кыргызстанды эле алалы, бизге келген орус мужуктарга кыргыз элин тоону көздөй сүрүп гектарлап жер берген. Столыпиндин саясаты боюнча жер акысын төлөгөндөн булар бир топ жылга бошотулган. Кыргыздар өз жерлерин тарттырып ийгени аз келгенсип, кокустан малдары орустун жерине кирип кетсе, алар камап же союп жеп коюшкан. Петр Столыпин өтө чеберчилик менен айыл чарбасына реформа жасаган да, ошону менен катар чет жерлер орусташтырууну баштаган. Бирок аны атып кетишкен, реформасынын аягына чыга албай калды.
1916-жылы Үркүндө кыргыз элин Кытайга сүрүп салып, бошогон жерлерди орус баш болгон башка улуттун ээлери ээлеп алышкан. Калган кыргыздарды Ат-Башы, Нарынга өзүнчө уезд кылып койгонду пландап жатышкан. Ушулар тууралуу маалыматты алып эсер Александр Керенский Мамлекеттик Думада чоң маалымат менен чыгып, кыргыздар үчүн күйүп бышкан. Бирок, 1917-жылы февраль революциясынан соң, айрыкча ал Орусиянын башына келгенде июль айында кыргыздарды ойлоого убактысы калбай калды.
1917-жылы 7-ноябрда Ленин бийликке келген соң эң биринчи жер жөнүндө декретин жазып, дыйкандарга бекер жер берет. Эсиңиздерге салсак, муну 1994 –жылы Талгарбеков кайталап дыйкандарга бекер жер тараткан. Ленин айыл чарбасына капиталисттик мамилелерди орнотуп жаңы экономикалык саясатты киргизген. Лениндин көзү өткөн соң Сталин 1929-жылы коллективтештирүү саясатына өтөт. Анча-мынча айыл жеринде колунда бар адамдардын азык-түлүктөрүн тартып алышып, өздөрүн кулак катары Сибирге айдашат. Азык-түлүк, данды бийлик өнөр жайлуу аймактарга ташып кеткен. Казакстанды, Украинаны, дан берген орус аймактарын улуу ачарчылык каптайт. Казактар тентип кошуна мамлекеттерге, союздаш республикаларга кире качат.Бул ачарчылыкта казак элине кыргыздар кол сунат. Миңдеген адамдар өлгөн бул улуу ачарчылыкта эгер кыргыздар жардам бербегенде казактардын көбү кырылып калмак. Ак-Төбө облусунун акимине казак активисти Турар Кусаинов 110 миң кишини репрессиялаган, 25 миң кишини атып өлтүргөн ошол кезде Казакстанды жетектеген Левон Мирзояндын эстелигин тыптыйпыл жок кылып, ордуна казак элине жардамга келген кыргыз өкмөт башчысы Жусуп Абдырахмановдун эстелигин тургузуу керек экендигине чакырды. Ошол мезгилде казак элинин 48 пайызын камтыган бул ачарчылыкта, Сталинден коркпой жардамга келген мындай кыргыз жигиттери да болгон.
Никита Хрущев айыл чарбасын реформалоо үчүн облустарды өнөр жайлуу жана айыл чарбалуу кылып экиге бөлгөн, америкадан көрүп келип колхоз-совхоздорду жүгөрү айдоого үндөгөн. Бирок анын Казакстандын дың жерин айдагандан башка кыялы ишке ашкан эмес. Леонид Брежневдин заманында гана колхоз-совхоздор элди бага баштаганы менен Михаил Горбачевдун кайра куруу заманында колхоз-совхоздор жарамсыз абалга келип, дүкөндөрдүн текчелери бош калган.
Ушул кайра куруу заманында айыл чарбага реформа кылууга аракеттер башталат. Азыр Евробиримдикке кирип кетишкен прибалттар Латвия, Литва, Эстония бул демилгени биринчилерден баштайт. Бул республикалардын тарыхы кызык, алар “Молотов –Риббентроп пактысын” негизинде согуштун алдында СССРге күч менен бириктирилген. Ошондуктан,согуш учурунда көпчүлүгү легиондорду түзүп, СССРге каршы согушкан. Буларды күч менен колхоздоштурганы менен, кайра куруу заманы келер менен булар өз жолуна түшөт.
Кайра куруу заманында Карабах автономиясын Азербайжан менен талашып, СССР тараган соң блокадада калган Армения айыл чарба реформасын1991-жылы баштаган. Арменияныкы башкача анткени бул субтропикалык мамлекет катары цитрус өсүмдүктөрү өсөт. Андан тышкары жалпы Армениянын аянтынын 46,8 пайызы айыл чарбасына жарактуу, чет мамлекеттердеги бай армяндар бул мамлекетке көбүрөөк инвестиция салышат.
Кыргызстанда Талгарбеков баштаган реформаторлор бул ишти 1994-жылы баштаган. Кыргызстандагы айыл чарба реформасын прибалттарга салыштырууга болбойт, кавказ боюндагыларга дагы, бизде реформанын өзгөчө модели жасалган. Биринчиден, СССРдин дотациясында отурушкан колхоз-совхоздор СССР тараган соң башка тармактарды араң бага турган кыргыз бюджети бага албай калды. Сын айткандар ушул жерден айтып жатышат, мурун колхоздорго жыргап жашоочубуз деп. Талгарбеков СССРди таратып койгон жок да, бүлүнүп бараткан айыл чарбасын сактап калды. Экинчиден колунда бар бай адамдар айыл чарбасын бөлүп кетишмек. Талгарбековдун реформасы ушуга каршы турду. Үчүнчүдөн, Талгарбеков жерди Ленин сыяктуу бекер элге тараттырган. Болбосо, олигархтар акчасына сатып алып, элдин кактабай канын сормок. Бекер элге тараттырыш үчүн Талгарбековдун “чубайсчылар” менен “Чубактын кунун” куугансып күрөшкөнүн баалашыбыз керек. Төртүнчүдөн, айыл жеринде жашап, бирок айыл чарбасында иштебеген мугалимдерге, дарыгерлерге жана башка кызматкерлерге да үлүшүн бөлүп берген. Силерге эмне шам, өз оокатыңарды кылып жүрө бергиле десе ким эмне дейт эле.
Азырынча СССРден чапанын жамынып мамлекетке айланган он беш республиканын ичинде Кыргызстандай бекер жерге эч ким ээ болгон жок.Ошол үчүн Талгарбековдун айыл чарба реформасынын моделине туура баа бере турган учур жетти. Элге Талгарбеков колхоз-совхоздорду талкалап, таратты деп тескери түшүнүк бергенден көрө Горбачев менен Ельцин талкалап кеткен колхоз-совхоздорду элге бекер берди деп батабызды беришибиз керек.
Казакстанда 1994-жылы Талгарбековдун айыл чарба реформасын көчүрүп алышкан. Бирок казактар Талгарбековдукун көчүрүп алыптыр деп айтышпасын деп казакча моделди ойлоп тапкан. Ал модель боюнча кимде –ким жер үлүшүн, мал-мүлк ала турган болсо акимдин чечими менен ала тургандай кылышты. “Кол ийрисине тартат” дейт акимдердин жакындары жакшы жерлерди, мал-сарайды ээлеп алышып, эл сызга отуруп калышкан. Бирок Казакстан бай өлкө болгондуктан колунда жокторго каралашып, айыл чарбасына дотация берип келүүдө.
Кара деңиздин боюнда жайгашкан Грузия 2004-жылы түстүү революциядан соң айыл чарбасын реформалаган. Мына Саакашвилини жамандаса болот. Колхоздорду элге эмес колунда акчасы бар байларга сатты.
Өзбекстан чейрек кылымдан кийин эсине келип Талгарбековдун моделине түшкүсү келип турат. Каримовдун убагында колхоз сакталганы менен эли талаадан машак терип жан сактап калган. Жеринин төрттөн бири фермерлик кылам дегендерге ижарага өтүп кеткен. Мына эми 33 миллион калкы бар Өзбекстан кантип жер реформасын кыларын көрөрбүз. Талгарбековго окшоп элге таратайын десе, жеринин төрттөн бири бай-манаптардын колунда. Кечигишсе да реформа жасаганы турушат.
Украинада эми гана ойгонуншуп Талгарбековдун моделине түшүү үчүн ынтыгып турушат.
Булар эми айыл чарбасынын Талгарбековго окшош моделде реформа жасагандар. Талгарбековдун моделине жарым жартылай түшкөндөр Тажикстан, Азербайжан, Молдавия. Буларда толугу менен айыл чарбада реформа болгон жок, элинин көпчүлүгү итке минди, бир-эки киши “Жипке” минди.
Эми Чубайстын моделин карап көрөлү. Орустар Талгарбековдун бутуна жыгылып өпкөлөп ыйласа болот. Чубайстын модели менен кеткен Орусияда колхоз-совхоздор ваучерге сатылып, аракеч орустар ваучерлерин чейрек кылым мурун сатышып башкармалар эбак миллионер болушуп, колхоз-совхоздор акционердик коомго айланган. Айыл чарбасына жарактуу 639 миллион гектар жеринин бүгүнкү күнү 383 миллион гектар жери гана калган.Калганы 256 миллион гектар жери же 12 Кыргызстанга барабар жери “омийн” болгон. Орусия газ-мунайзаты менен бай, ошол үчүн айыл чарбасын СССР заманындай эле дотация менен эптеп кармап турат.
Колхоз-совхоздорду сактап калган Түркмөнстан газы аркылуу байлыгы ашып-ташып турса да азык –түлүк жаатында кем, ун,нанга кезек күтүп турушат. Ал эми Беларуссияда айыл чарбасына тиешелүү трактор, жер семирткич чыгаруучу үч заводдору менен калган, географиялык жактан жакшы жерде орун алган “Батька” мактана тургандай жагдайлар бар.
(Уландысы бар)
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg