www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясат жаз жарышка түштү. Эми региондук, командалык эмес, уруу-уруулук нукта кете баштады. Дегеним, мурунку транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев ушул жылдын 14-апрель күнү кичи мекени Сокулук районуна караштуу Асыл-Баш айылында чоң жыйын өткөргөнү турат.

Эмне жыйын десеңиз ал күнү өлкө боюнча Адигине уруусунун жыйыны болот экен. Аныгында Аргынбек мырза так ошол Адигине уруусунан болот. Өзү башында туруп туугандардын башын бириктирип жатканы жакшы жөрөлгө деңизчи, бирок, ошол жыйынды Малабаев мырза министр оолуп турганда уюштурса бали дейт элек. Туугандарынан бата алып жаткан турбайбы деп.

Ал эми бул жыйында хан шайланабы же жөн эле бири-бири менен таанышып тамак ичмейби анысын биле албадык. Айтор,чочугансып чогулуш кыла коюунун артында сөзсүз жымжырттык алдындагы бороон улуп кетчү эле. Балким, Аргынбек мырзанын саясый жылдызы так ушул жыйын арты менен жарк эте түшөөр...         

 Булак: Де-факто

Последние новости