www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиянын Сицилия аралындагы Европанын эң кыймылдуу вулканы Этна жанар тоосунун деңизди көздөй жылып баратканы белгиленди.

Жыйынтыктары «'Bulletin of Volcanology'» журналында жарыяланган изилдөө Этна жанар тоосунун жыл сайын Жер Ортолук деңизге карай 14 миллиметр жылганын ортого салды.

Англис илимпоздору жүргүзгөн изилдөөнүн алкагында Этна жанар тоосунун чөйрөсүнө глобалдык абалды байкоочу станцияларынын курулганы жана дээрлик жарым кылымдан бери вулкандын кыймылдары байкалып жатканы белгиленди.

Акыркы 11 жылда жетишилген көрсөткүчтөрдүн Этна жанар тоосунун жыл сайын жээк району Гиаррени көздөй түштүк-чыгыш-түштүк багытын көздөй 14 миллиметр жылганын көрсөткөнү катталды.

Кыймылдуу вулкандын түп жагынан жылганы алгач ирет түздөн-түз байкалганын жактаган илимпоздор, келечекте апааттарга алып бара турган бул абалдын кылдат байкалышы керектиги баса белгиленди.

Булак: трт.нет

Последние новости