www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АРБАК: Бишкектин так жолундагы  мазар

Борбор калаабызда жашап жатканыма мына быйыл туптуура отуз сегиз жыл болот. Чүй көчөсүнөң күн батыш тарапты карай кетип баратканда, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын тушуна , жеткенде эмнегедир түз келаткан асфальт жол экиге бөлүнүп шакек сыяктуу болуп кетет да, бир аздан кийин кайра биригип мурункудай түз кете берет эмеспи. Ошол айлампанын эки жагында тең аялдама бар. Ал эми айлампанын ичинде болсо күндү айланып жүргөн тогуз планетанын элесин чагылдырган элес бар. Ал эми төмөн жагында болсо ар кандай гүлдөр өстүрүлүп турат. Мен буга ушул убакка чейин анча деле маани берчү эмесмин. Ал жерден троллейбус менен да, автобус менен да, такси менен да, атүгүл жөө да далай жолу эле өткөм. Ал айлампаны шаардыктар бардыгы эле жакшы билишет болуш керек.

Эмне себептен ушундай айлампа болуп, айланасы тосулуп, ал жерге гүлдөр айдалып калганын мен кийинчерээк гана билбедимби. Балким, калаада жашагандардын деле көпчүлүгү билбейт болуш керек. Көрсө, ал жер бекеринен айлампа болул, анан айлана-чөйрөсү тосулбаптыр. Ал жерде маркумдардын сөөгү бар экен.

Угушумча өткөн кылымдын баш жагында кызыл аскерлерди ошол жерге атып өлтүрүшүп, анан көмүп салышыптыр. Ошол маркумдар жайы көчө боюна туш келип калгандыктан, ал Жерди ары-бери өткөн машиналар алардын үсгүнөн тебелеп өтпөшү үчүн атайылап айлампа жасап, анан тосмо кылып коюшкан турбайбы.

Маркумдар жаткан жердин үстүнө болсо гүл айдап коюшкан. Туура кылышкан деп ойлойм. Маркумдар жаткан жерди сыйлаш керек, биз дагы бир убакта ошолордой болуп маркум болобуз. Биз дагы жер алдындагы топуракка көмүлөбүз. Ошол жерден өткөн сайын маркумдарга багыштап ичимден дуба кылып өтөм. Анан ар өткөн сайын тээ качандыр бир кездеги же тагыраак айтканда, мен бала чактагы бир окуя эсиме түшө берет.

Бул окуя өткөн кылымдьш 70-жылдары болгон. Анда мен тогузунчу класста окуп аткам. Биздин айылдын чет жагында маркумдардын эски күмбөзү бар. Биздин чоң ата, чоң энелерибиздин эле мүрзөлөрү. Ал жакты суу каптай баштагандыктан, кийинчерээк эле башка суу бара албай турган бийигирээк жерге которулуп кеткен. Ал жер болсо эски мүрзөлөр аталыпкалды.

Ошол жылдары союз мезгили болуп, компартиянын бийлиги өкүм сүрүп, Кудайды жокко чыгарышып, динге каршы катуу күрөшч күчөп, элибиздин башын айлантып, тетири  үгүт иштери жүргүзүлүп жаткан маал болчу. Элибиз намаз эмне экениң, куран эмне экенин унутуп, адал менен арам тамак эмне экенин билишпей, бардыгын ылгабай жеп, каапырлардын жашоосу менен жашай башташкан. Мечит деген айылда болгон эмес, райборбордо бир гана эски мечит боло турган эле, анын айланасына пиво саткан сары челектер коюлуп элдин бардыгы мас же кызуу жүрүшчү. Совет бийлиги акырындап мечиттерди дагы жок кыла башташкан.

Ошондо тээ жогору жактан биздин айылды көздөй кешка, лоток, плиткалар менен суу канал тартып келатышкан. Ошол канал түптүз келип эле мүрзэлөргө такалып калды.

Эски маркумдардын мүрзөлөрү аябай көп болгондуктан, аларды айлантып алып өтүш керек, бир топ түйшүк, анан узак убакытты талап кылат. Канал салып жатышкан башкармалыктын директору, инженерлери, прорабдары келишип жергиликтүү совхоздун директору менен өздөрүнчө сүйлөшүп калышты.

-  Аксакал, кандай кылалы, эгер сиз уруксат берсеңиз, мобул мүрзөлөрдү бузуп эле каналды түз алып кетпейлиби?

-  Муну айылдын аксакалдары менен сүйлөшөлү, эгер алар уруксат беришсе, анда каналды түз эле мүрзөлөрдү аралатып алып өтүп кетебиз, - совхоздун директору дароо макул   болгон   жок.   Анан   айылдын аксакалдарын чогултуп, айылдын молдосун да чакыртып бул маселени ортого салышты.

-  Бул жерде биздин ата-энелерибиздин сөөктөрү жатат, аны бузганга болбойт.

- Эгер каналды түз алып өтүп кете турган болушса, менин ата-энемдин жаткан жерин бузуп өтөт экен, мен буга макул эмесмин.

-  Маркумдарга тийишпей жайына эле койгула, - айылдын молдосу баш болуп дээрлик бардыгы буга каршы чыгышты. Совхоздун директору ары айтса да, бирида укпай коюшту. Ал тигилерди көндүрө албай аябай убара болду. Ортодо талаш-тартыш болуп, атүгүл уруш да башталып кете жаздады.

Ошол маалда кокусунан өтүп баратканбы же кимдир бирөө атайылап телефон менен кабарлаганбы, күтүлбөгөн жерден райкомдун биринчи секретары келип калды. Ал кезде анын кадыр-баркы ушунчалык жогору боло турган эле, андан бардыгы коркушчу, кыңк этпей моюн

сунушчу. Ал бардыгынын сөздөрүн шашпай угуп, иштин чоо-жайын билген соң, бир аз ойлонуп турду да, анан башын көтөрө буйрук бере сүйлөдү,

- Эмне болмок эле эч нерсе болбойт, маркумдарга куран окугула дагы каналды түз алып өтүп кеткиле. Түз келаткан каналды ары-бери бурбай түз алып өткүлө!

Анын сөзүнө бардыгы таң кала эч сөз кайрый албай, унчукпай туруп калышты. Ал мезгилде анын буйругу хандын буйругунан айырмасы жок болчу. Кээ бири күңк-мыңк эте ичтеринен сүилөнүп атышты, бирок сыртка чыгара алышкан жок. Ичтеринен каргап жаткандарын дагы кулагым чалып калды.

Иш дароо башталган жок, ошонун эртеси чоң бульдозер келди. Атайын орус кишини алып келсе керек, ал дароо эле мүрзөнүн четиндеги коргонду бузуп сүздүрүп кирди. Бери жакта жарданып карап тургандар өздөрүнчө чуру-чуу түшүп жатышты. Бир кезде бульдозер коргондун ичине кирип тумшугу менен төмөн карай сайылды. Бульдозердин алдыңкы терезесинин сынган айнектери айдоочунун кекиртегине сайылып, мойнунан кан фонтандай атылып агып жатыптыр. Ага бири да жардамга бара алган жок.

Бульдозер оюкка аябай терең кирип кеткендиктен, аны чыгарууга да мүмкүн эмес эле. Ошондон кийин бардыгы коркуп калышты. Эч кимиси мүрзөлөрдү бузууга даап бара алышкан жок.

Кийинчерээк райкомдун биринчи секретары жергиликтүү элден кечирим сурап, мүрзөлөрдү айлантып канал казышты. Ураган эски коргон азыркыга чейин ошол боюнча турат. Арийне, маркумдардын жаткан жерлерин да сыйлаш керек экен, аябагандай көп кылым өтүп кетсе бир жөн, алар кечөөгүнү эле оо дүйнөдөн өтүшкөн маркумдардын жайы да. Деги элибизге, жерибизге Жаратканым ыйман берсин!

Ж.Кулбаев Кочкор району

Булак: Сырдуу дүйнө

Последние новости