www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат:«Атамбаев съезд өткөрүүгө, бирөөнү сындаганга акылуу»

— Биздин кыргыздарда бир жаман адат бар. Кичине эле сын айтып же болбосо бир туура эмес ишин айтып койсоң эле душман болуп каласың. Демократия болгондо бири-бирине дайыма ачык сындарды айтып турат. Ангела Меркелге деле сын айтышат. Трампты болсо “ийлеп” атышат. Ал күнүмдүк эле түз жолго түшүүнүн методдору болуп эсептелинет. Ал эми бизде бир сөз айтып койсоң эле болду, эл душманысың. Биз баягы советтик системанын психологиясы менен жашап жатабыз. СДПК съездин өткөрө берсин. Атамбаев жумуштан кетти. Мен Атамбаевге салык төлөп азыр кармап турган жокмун. Биз салык төлөп Жээнбековду кармап турабыз. Баарыбыз биригип ал кишини шайлап алдык. Биз эми бийликтегилердин, президенттин туура, туура эмес аракеттерин гана айтып турсак ошол туура болот. Атамбаев съезд өткөрүүгө, бирөөнү сындаганга акылуу. Ал өзүнүн иши. Мындан бир нерсе чыгарып, күчөтүп, от жагып, бензин чачуунун кереги жок. Бирок ошол эле убакта айтып койчу бир нерсе бар. Атамбаев эки мыкты иш жасады тарыхта. Эми күнөөлөрү да көп болгондур. Аны эстебейли. Биринчи тарыхый баатырдыгы деп айтсак да болот. Экинчи мөөнөттү өзгөртпөй кызматтан кетип калды. Мындай кадам Кыргызстандын же СНГнын тарыхында болгон эмес. Бул эң жакшы нерсе. Эгер референдумга салып экинчи мөөнөткө кала турган болсо, кыргыз эли бир добуштан колдоп бермек. Анын жыйынтыгында кайрадан президент болуп шайланып алмак. Бул биринчи маселе. Экинчиден, Атамбаев накта парламенттик системага өтөбүз деп жатат. Балким, өзүн же башканы ойлоп жаткандыр… Ал деле маанилүү эмес. Маанилүүсү- мамлекетибиз парламенттик системага өтсө келечеги кең болот. Ошон үчүн биз алардын майда-чүйдө интригасын эмес, мамлекетибиз жөнүндө ойлонушубуз керек. Эч ким азыр президентке реформа жасаганга тоскоолдук кылган жок. Каалаганын кыла берсин. Мен бир нерсени айтып коюшум керек. Мен президенттик шайлоодо Жээнбековго үй-бүлөм менен добуш бергем. Биринчиден, буга чейинки жаңылбаган кезек боюнча президент түштүктөн болушу керек эле. Экинчиден, ошол түштүктөн чыккан саясатчылардын ичинен тынчыраак, жаман иштерге аралашпагандыктан шайладым. Андыктан иштей берсин. Эч ким тоскоолдук кылган жок.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости